Отунбаева, Роза Исаковна

Wikipedia дан
Роза Исаковна Отунбаева
Роза Исаковна Отунбаева
Желек
Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти
июль 2010-жылы — 1-декабрь 2011-жылыы
Андан мурунку инсан: Курманбек Салиевич Бакиев
Андан кийинки инсан: Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри, убактылуу өкмөттүн жетекчиси
7-апрель — 17-декабрь 2010-жылы
Андан мурунку инсан: Курманбек Салиевич Бакиев

Данияр Токтогулович Усенов

Андан кийинки инсан: Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Желек
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри
Февраль — Май 1992-жылы
Андан мурунку инсан: Муратбек Сансызбаевич Иманалиев
Андан кийинки инсан: Марат Назарбекович Саралинов (у.м. а.)
Эднан Өскөнович Карабаев
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: агностик[1]
Туулган жылы: 23-август 1950-жыл
Ош шаары Кыргызстан
Атасы: Исак Отунбаев
Апасы: Салийка Даниярова
Балдары: уулу: Атай Садыбакасов
кызы: Карачач Садыбакасова
Партиясы: партияда катталган эмес
Билими: М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети
Илимий даражасы: философия илимдеринин кандидаты
 
Сайты: http://www.roza.kg/
 
Сыйлыктары:
Медаль «Кызматтагы каармандыгы үчүн»
Роза Исаковна Отунбаева (2012)

Роза Исаковна Отунбаева – кыргыз мамлекеттик ишмер айымы, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын (Кыргыз Республикасынын)Мамлекетинин Экс-Президенти жана Кошмо Мамлекеттеринин Шериктештигинен чыккан алгачкы Президент айым. (Июнь,2011-ж. - 1-декабрь, 2011-ж.).

1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган.

Окуу жана илим[оңдоо]

1972-жылы Орусиянын ордо шаары Москвадагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган.

Кандидаттык диссертациясын айтылуу немис философиясы жаатында жактаган. Илимий иликтөө үчүн Чыгыш Германияда стажировкада да болгон.

1970-жылдары Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаарындагы) Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде) философия илимдеринин тармактары боюнча дарстар окуду, бул окуу жайда доцент, кафедра башчы болуп иштеди.

Анын студенттеринин бир катары кийинчерээк философия, саясат таануу жана тарых жаатында илимпоз жана коомдук ишмер болуп чыгышты. Алардын арасында Аалыбек Акунов, Замира Акбагышева, Нур Саралаев, Нарынбек Алымкулов, Жамбила Самиева, жана башкалар бар.

Пост-советтик кыргыз дипломаты[оңдоо]

Советтер Биримдиги (СССР) ыдыраган соң, эгемен Кыргызстандын ар кыл мамлекеттик кызматтарында иштеди.

1992-жыл — Кыргызстандын вице-премьери, тышкы иштер министри.

1992 — 1994-жылдар — эгемен Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы туңгуч элчиси.

1994 — 1997 — Кыргызстандын тышкы иштер министри.

1997-жыл – Роза Отунбаева өкмөттөн өз ыктыяры менен кеткен.

Ал кездеги президент Аскар Акаев аны Кыргызстандын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси кызматына кетүүгө көндүргөн.

Лондондо жүрүп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган илимиŭ жыйынды Кэмбриж шаарындагы Кэмбриж университетинде эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон.

2002-жылдын май айынан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн орун басары. Мында ал грузин-абхаз жаңжалын жөндөө боюнча БУУнун аймактагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылган.

Кыргыз ыңкылабынын ирегесинде[оңдоо]

2004-жылдын этегинде болсо Кыргызстандагы оппозициячыл иш-аракеттерге кошулат.

Ошол жылы 13-декабрда оппозициячыл «Ата журт» кыймылын кинорежиссер жана депутат Дооронбек Садырбаев менен биргеликте уюштурат.

2005-жылы 6-январда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкектеги №1 Университет аймактык шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттык орун үчүн ат салышууга уруксат кылган беш саат мурдагы чечимин кайра жокко чыгарды, ага Роза айымдын чет өлкөдө узак жылдар дипломаттык иште жүргөнүн негиз кылды.

2005-жылы 12-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту оппозициячыл лидер, мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи Роза Отунбаеванын арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Бул чечимди сот Канатбек Турганбеков мындайча негиздеген:

- Конституцияда “Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган атуул шайлана алат” деген конституциялык талап жазылган. Бул - конституциялык норма. Өлкөнүн “Шайлоо кодексинде” да ушундай эле талап жазылган. Ал эми Роза Отунбаеванын акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп келгени маалым.

Иш жүзүндө дал ушул шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер болуп чыгып жаткан ошол кездеги президенттин кызы Бермет Акаевага жол ачуу үчүн таасирдүү талапкерди «оюндан чыгаруу» керек болгондугу айтылат.

Ыңкылаптагы ролу[оңдоо]

Роза Отунбаева 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын ыңкылабына жигердүү катышып, анын негизги лидерлеринен болду.

Бул ыңкылапты ал «Азаттык үналгысы» үчүн курган маегинде «Боз үй ыңкылабы» деп атап, карапайым элеттиктердин ага кошкон салымын жогору баалаган.

Отунбаева Кыргызстандын ар кыл аймактарын (анын ичинде Жалал-Абат жана Ош облустарын) ырааттуу кыдырып, Аскар Акаевдин режимине каршы күрөшкө элди үндөдү.

Ыңкылаптан кийин[оңдоо]

Роза Отунбаева жаңы өкмөттө Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматын убактылуу аткарып турду, бирок 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши анын талапкердигин тышкы иштер министри кызматына бекитпей койду.

Айрым маалыматтарга караганда, бул кадам Бишкектеги Ак Үй менен тыгыз кызматташтыкта жасалган. Бирок Кырныз президенти Курманбек Бакиевдин өкүлоү мындай жоромолду четке каккан.

Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки жаңы өлкө жетекчилиги авторитардык саясатка ооп жатат деп эсептеп, ага каршы оппозициялык кыймылга жигердүү катышты.

2007-жылдын соңунда ал Кыргызстан Жогорку Кеңешинин шайлоосуна оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын тизмесинде катышты.

Тизмеде турган саясатчы Эдил Байсалов чет өлкөгө бозгунга кетүүгө аргасыз болду, дагы бир талапкер өз ордун Роза Отунбаевага бошотуп берди. Ошентип, ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп калды.

Ал эми 2009-жылдын августунда Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун (фракциясынын) башчысы, депутат Бакыт Бешимов АКШга саясий бозгун болуп кеткен соң, ошол жылдын октябр айынан тартып Роза Отунбаева КСДПнын парламенеттик тобунун жетекчиси болуп калды.

2009-жылдан баштап Бириккен элдик кыймылынын (БЭК) Бюросунун мүчөсү.

2010-жылы 17-мартта Кыргызстан Элдик курултайы тарабынан Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болуп шайланган.

2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарган.

2010-жылдын июлунан 2011 жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президенти. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангы бар. Көп сандаган эл аралык кадыр-барктуу комиссияларга жана редакциялык кеңештерге мүчө.

Карачач аттуу кызы жана Атай аттуу уулу бар.

Кыргыз, орус, англис жана немец тилдерин билет.

Эмгектери[оңдоо]

  • Критика фальсификации марксистско-ленинской диалектики философами франкфуртской школы.

Ал тууралуу эмгектер жана чыгармалар[оңдоо]

  • Бектурганова Кульбюбю Арыковна. Дочери земли кыргызской. – Б.: «Бийиктик», 2007. — 336 с. + 16 с. - ISBN 978-9967-13-319-8.


Шилтемелер[оңдоо]