Ош облусу

Википедия дан
Ош областы‎»‎ барагынан багытталды)
Ош облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Ош облусу картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

7 район, 3 шаар

Акимий борбору:

Ош

Ири шаарлары:

Кара-Суу, Өзгөн

Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь 1939

Ыйгарым өкүлү:

Зиядин Жамалдинов

Ырасмый тили:

Кыргыз тили

Калкы (2019):

1 114000

Жыштыгы:

38,73 адам/км²

Улуттук курамы:
Жер аянты:

29 200 км²

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-O

Унаа коду:

O , 06

Ырасмый сайты

Ош облусуКыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалал-Абад Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түнд-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалал-Абад облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалал-Абад облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2. Калкы 1247,3 миң (2003).

Борбору – Ош шаары.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош облусу Памир-Алай жана Батыш Теңир-Тоо аймагында, Амударыя менен Сырдарыянын алаптарында жайгашкан. Тоолуу рельеф мүнөздүү, деңиз деңг. бийиктиги түндүгүндө 500 мден түштүгүндө 7000 м бийиктикке чейин өзгөрөт; тоо аралык өрөөндөрү жана ойдуңдары 900 мден 3000 мге чейинки бийиктиктерде жайгашкан. Түрдүү абс. бийиктиктерде жайгашкан бийик тоолор менен адырлардын, тоо аралык ойдуңдардын татаал айкалышы аймактын рельефинин өзгөчөлүгүн түзөт. Ош облусунун түш.бөлүгүн Памир-Алай тоо системасына кирген Алай, Чоң Алай кырка тоолору, түн.-чыгышын Батыш Теңир-Тоо системасындагы Фергана тоо тизмеги, түндүгүн Фергана ойдуңунун түш. чет жакасы жана аны чектеп турган кырка тоолорду этек тоолору ээлейт. Алай кырка тоосунун (бийикт. 6000 мге чейин) Фергана өрөөнүн караган түн.капталы жантайыңкы келип, узатасынан созулган бир нече тоолор менен татаалданган. Аны түштүктө Алай өрөөнү (деңиз деңг. орт. бийиктиги 3000 м) Чоң Алай кырка тоосунан бөлүп турат. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик чокусу – Ленин – 7134 мге чейин көтөрүлөт; түн. капталы Ош облусуна, түш. капталы Тоолуу Бадакшанга карайт. Бул кырка тоолор негизинен кумдук-чопо, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан магма тоо тектеринен түзүлүп, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү; алардын капталдары дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген, бийик кыркаларын түбөлүк кар, мөңгүлөр ээлейт. Облустун түн.-чыгыш чегин Фергана тоо тизмеги түзүп (эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде, 4948 м), анын структурасында кристаллдык тектер басымдуулук кылат. Анын жазы, жантайыңкы түш.-батыш капталы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Фергана тоо тизмегинен түш.-чыгышты карай Алайкуу (эң бийик жери 4733 м) жана Академик Адышев (4745 м) кырка тоолору созулуп жатат.Облустун эң түн. бөлүгүн, Фергана өрөөнүнун чет-жакасын адырлар тилкеси ээлейт; адырлардын негизин конгломерат тектери түзүп, үстү лёсс жана лёсс сымал тектер менен капталып, Алай кырка тоосунан агып түшкөн суулар менен тилмеленген; облустун аймагынан күрөң жана таш көмүр (Алмалык, Өзгөн ж. б.), ысык жана минералдуу суулар(Өзгөн, Карашоро ж. б.), курулуш материалдары ж. б. кендер чыгат.

Облустун климаты негизинен мелүүн жана тропик кеңдиктеринин аба массаларынын таасиринен түзүлгөн; мелүүн алкактын аба массалары негизинен кыш, тропиктик аба массалары жай мезгилдеринде үстөмдүк кылат. Аймактын климатына батыштан соккон аба агымынын мааниси зор, ал 3000 м жана андан жогорку бийиктиктерде үстөмдүк кылып, тоолордун шамал агымын караган батыш жана түш.-батыш капталдарына жаан-чачынды мол алып келет (мис., Фергана тоо тизмегине ж. б.). Климатынын негизги өзгөчөлүгүн анын бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрүүсү түзөт. Деңиз деңг. 600–1000 м бийиктикте жайгашкан жерлердин климаты жылуу, жарым чөлдүү; кышы мелүүн, жылуу (январдын орт. темп-расы –3... –4°С), кыска. Жайы ысык (июлдуку 24–25°С),кургакчыл. Аптап ысыкта 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммдей; көбүнчө кышында жаайт. Вегетация мезгили 210–215 күн. 1100–2000 м бийиктикте мелүүн, жылуу климат өкүм сүрөт. Кышы мелүүн суук ( январдын орт.темп-расы –3... –7°С), жайы жылуу (июлдуку 20°С). Жылдык жаан-чачыны 400–600 мм,басымдуу бөлүгү жазында жаайт. Вегетация мезгили 142–195 күн. 2000 м бийиктиктен жогору жана 3000 мге чейин климаты мелүүн. Кышы салыштырмаалуу суук келип, узакка созулат. Жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 18–11°С). Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 600 ммден ашат. Вегетация мезгили 95–110 күн. Тоолордун кыр бөлүктөрүндө (3000 мден жогору) климаты катаал, суук (июлдун орт. температурасы 10°Сден төмөн).

Облустун эң ири дарыясы – Карадарыя; ал Фергана тоо тизмегинен башталган Кара-Кулжа жана Тар сууларынын кошулушунан пайда болуп, Өзбекстандын аймагында Нарынга куюп, Сырдарыяны түзөт. Анын ири куймалары: Жазы, Куршаб, Карадарыя ж. б. Фергана тоо тизмегинен башталган дарыялар негизинен кардын эриген сууларынан куралат. Ал эми Сырдарыянын алабына кирген Алай, Кичи Алай кырка тоолорунан башталган башкы суулары (Акбуура, Аравансай ж. б.) негизинен мөңгү сууларынан куралып, суусу июнь-июль айларында кирет. Алар Сырдарыяга жетпей Фергана өрөөнүнө чыга бериште Өзбекстан, Тажикстандын жерлерин сугаруу үчүн сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Алай өрөөнү аркылуу батышты (Батыш Кызылсуу) жана чыгышты (Чыгыш Кызылсуу) карай аккан ири суулар Амударыянын жана Таримдин алабына кирет.

Облустун аймагында жайгашкан тоолордо жалпы аянты 1546,3 км2 болгон 1,5 миңден ашык мөңгү бар. Алардын көбү Алай кырка тоосунун түн. (жалпы аянты 538,1 км2)жана түш. (138,3 км2) капталдарында жайгашкан. Ири мөңгүлөрү Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан орун алган; мында жалпы аянты 693,3 км2 жеткен 215 мөңгү бар; ирилери: Корженевский, Ленин, Корумду ж. б. Облустун оёң бөлүктөрүндөгү лёсс сымал кумай топурактарда деңиз деңг. 1500 м бийиктикке чейин боз (ачык боз, күңүрт, боз) жана кадимки боз топурактары тараган.

1500–3000 м бийиктиктерде күрөң топурактардын түрдүү (кадимки, карбонаттуу) типтери, нымдуурак жерлеринде, арчалуу токойлордун астында жегичтүү күңүрт күрөң топурактары өөрчүгөн. Субальп алкагында шалбаалуу талаа жана тоонун шалбаа топурактары мүнөздүү. Алай өрөөнүндө тоо шалбаа топурактарынан сырткары коңур(каштан) топурактары да кездешет.Өсүмдүктөрү да бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Түндүгүндөгү адырларда 1500 м бийиктикке чейин шыбак-эфемер-баялыш өсүмдүктүү жарым чөл үстөмдүк кылат. Тоо этектеринде, адырларда жана жапыз тоолордо 2000 м бийиктикке чейин бетеге-аккылкандуу талаа (батышында түктүү буудайык, пияз түптүү арпа, чыгышында сарындыз) өсүмдүктөрү таралган. 3000 м бийиктиктен жогору субальп жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү ээлейт; айрым жерлеринде аскалар чыгып жатат. Жаан-чачын мол жааган чыгыш бөлүгүндө бетеге-аккылкандуу талаадан жогору бийик тоолуу шалбаа (анда аксокто, таран ж. б.), шалбаалуу талаа (пияз түптүү арпа, бадалдар – итмурун, шилби, ыргай, чычырканак) зоналары жатат. Андан жогору токой тилкеси, жаңгак-мөмө жемиш токою (негизинен Фергана кырка тоосунун капталында), акчечек, арча жана карагай токойлору ээлейт. 3000 мден жогору субальп шалбаасы жана шалбаалу талаа таралып, анда аскалуу кырлар көтөрүлүп жатат, капталдары корум-таштуу. Облустун түштүгүндө , Алай өрөөнүндө, 3000 м бийиктикке чейин субальп, альп шалбаалары,талаа өсүмдүктөрү, шалбаалуу талаа жана бийик тоо чөлдөрү кездешет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Облустун калкы (1247,3 миң) респ-нын калкынын 25,0%ин түзөт, а. и. 288,5 миңи (облустун калкынын 23,1%и) шаар калкы, 958,8 миңи (76,9%и) айыл калкы.

Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти 21,7‰, өлүм-житими – 5,0‰, табигый өсүшү – 16,7‰ (2001). Калкынын 40,7%и эмгек жашына чейинкилер, 52,5%и – эмгек жашындагылар, 6,8% – эмгек жашынан өткөндөр (2002). 1000 аялга 988 эркек (шаарларда – 931, айылдарда – 1006) туура келет. Калктын орточо жашы 24,0 (эркектердики – 23,5, аялдардыкы – 24,6). Калкы көп улуттуу: кыргыздар 64,2%, өзбектер 31,1%, орустар 1,1%, түрктөр 0,9%, уйгурлар 0,9%, башка улуттар – 2,9%ти түзөт (2002). 1990–2001-ж. облустан 98,2 миң киши көчүп кеткен (миграциялык сальдо – 64,8 миң киши), алардын 98,8%ти КМШ өлкөлөрүнө (алардын 54,5% Орусияга, 32,7% Өзбекстанга), 1,2%и алыскы чет өлкөлөргө кетишкен. Ошол эле мезгилде ички миграция да күчөп Кыргызстандын башка облустарына (айрыкча Чүй облусу менен Бишкекке) 32,2 миң киши кеткен (миграциялык сальдо – 24,5 миң киши). Облустун эмгек ресурстары 624,4 миң киши (облустун калкынын 51,5%ин, респ-нын – 23,2%ин түзөт). 479,3 миң экономикалык активдүү калктын 456,6 миңи облустун чарбасынын ар түрдүү тармактарында иштейт. Иштегендердин 17,0%и мамл., 83,0%и мамл. эмес мекемелерде эмгектенет. Алардын 84,5% – материалдык өндүрүштө (а. и. 5,0% – ө. ж-да, 66,8% – а. ч-да, 2,5% – транспорт менен байланышта, 7,3% – соода, коомдук тамактануу, материалдык-тех. жабдуу, товар өткөрүү жана даярдоо, 1,7% – материалдык өндүрүштүн башка тармактарында), 15,5% – тейлөө чөйрөсүндө (а. и. 7,8% – билим, маданият жана илимде, 3,8% – ден соолукту чыңдоо тармагында, 2,4% – башкаруу органдарында, 0,7% – турак-жай, коммуналык чарбасында, 0,8% – тейлөө чөйрөсүнүн башка тармактарында) иштейт (2000). Облустун калкынын 25,0% – Кара-суу, 16,8% – Ноокат, 16,5% – Өзгөн, 7,8% – Араван, 6,8% – Каракулжа, 5,6% – Алай, 1,9%и – Чоң Алай р-нда, 19,6% – Ош ш-нда (шаардык кеңешинде) (2002).

Калктын 51,7% – деңиз деңг. 1000 мге чейинки бийиктикте, 33,7% – 1001–1500 мде, 9,3% – 1501–2000 мде, 4,1% – 2001–2500 мде, 1,2% – 2501–3000 м бийиктикте отурукташкан (1999).

Калктын орт. жыштыгы: 1 км2ге 42,7 киши. Шаарлары: Ош (калкынын саны 216,8 миң), Өзгөн (43,5 миң), Ноокат (13,3 миң), Карасуу (20,8 миң); шаарчалары: Найман (1,9 миң), Сарыташ (1,6 миң); ири кыштактары: Араван ( 23,2 миң), Жаңы Ноокат (19,4 миң), Куршаб (15,3 миң), Гүлчө (13,0 миң), Мырзаке (14,5 миң), Таштак (10,8 миң), Кашкаркыштак (15,0 миң), Кызылкыштак (8,4 миң), Дыйканкыштак (8,0 миң), Ылай- талаа (7,2 миң), Эски Ноокат ( 5,9 миң), Отузадыр (5,5 миң), Жаңарык (5,8 миң), Дарооткоргон (4,4 миң) ж. б. (2002).

Айыл чарбасы облустун экон-нын негизги тармагы. 2001-ж. а. ч-нын дүң продукциясы 8591,6 млн сомду (респ-нын 18,0%ин), а. и. дыйканчылык – 4551,7 млн сомду (17%), мал чарбасы – 3959,5 млн сомду (19,1%) түзгөн. Облус а. ч. продукциясын өндүрүү боюнча республикада экинчи (Чүй облусунан кийин) орунда турат. 2001-ж. айыл чарбасында катталган 20578 субъектинин 13 мамл., 1 агрофирма, 2 акционердин коом, 10 коллективдик дыйкан чарбасы, 165 а. ч. кооперативи, 20387 дыйкан (фермер) чарбасы. Калктын жеке менчик чарбаларынын саны 39,0 миң. Облустун а. ч-га жарактуу жери 1635,6 миң ганы (жалпы аянтынын 56,0%) түзөт. Анын 182,7 миң гасы айдоо, 73,4 миң гасы чабынды, 7,8 миң гасы көп жылдык өсүмдүк, 2,8 миң гасы айдалбаган жер, 1368,9 миң гасы жайыт. Тармактын структурасында дыйканчылык басымдуу орунду ээлейт (53,0%). Айдоо аянты 174,4 миң га, а. и. дан эгиндери 104,6 миң га (буудай 84,3 миң га, жүгөрү – 13,7 миң га), тех. өсүмдүктөр 17,9 миң га (пахта – 11,7 миң га, тамеки – 6,2 миң га), картошка жана жашылча 15,5 миң га, тоют өсүмдүктөрү 17,9 миң ганы түзөт (2001).

Мындан сырткары мөмө-жемиш бактары 7,6 миң га, жүзүм 0,7 миң гага эгилген. 2001-ж. облуста 32,6 миң т пахта (Карасуу р-ну 66,0%ин, Араван – 34,0%; респ-дагы үлүшү 33,0%), 7,5 миң т тамеки (57,0%), 294 миң т дан (16,1%), 100,2 миң т картошка (8,6%), 136,0 миң т жашылча (16,7%) өндүрүлгөн. Мал чарбасында айыл чарбанын дүң продукциясынын 46,0%и өндүрүлөт. 2002-ж. облустун бардык чарба субъектилеринде 234,1 миң бодо мал (а. и. саан уй – 125,1 миң), 847,2 миң кой, эчки, 73,5 миң жылкы, 440,1 миң үй канаттуулары болгон. Бодо малдын жалпы санынын 55,1%и, кой-эчкинин 62,4%и калктын жеке чарбаларына тиешелүү. 2001-ж. облуста 75,3 миң т эт (тирүүлөй салмакта; респ-дагы үлүшү 37,7%), 228,6 миң т сүт (20,0%), 33,3 миң даана жумуртка (14,6%), 2,6 миң т жүн (22,2%) өндүрүлгөн.

Облуста автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорттору өнүккөн. Эң маанилүүсү автомобиль транспорту. Автомобиль жолдорунун жалпы уз. 2345 км, анын 781 кми эл аралык, 402 кми мамл., 1162 кми жергиликтүү маанидеги жолдор. Эл аралык маанидеги жолдору: Ош–Сарыташ–Эркечтам–Кашкар (Кытай), Ош–Сарыташ–Хорог (Тажикстан); мамлекеттик маанидегилери: Бишкек-Ош (анын 100 км облустун аймагында), Жалалабат–Өзгөн–Ош; жергиликтүү маанидегилери: Ош–Өзгөн–Каракулжа–Алайкуу, Ош–Сарыташ–Дарооткоргон–Карамык, Ош–Карасуу–Жалалабат, Ош–Ноокат–Кызылкыя ж. б. Автомобиль жолдорунун 31,5% – асфальт-бетондолгон, 61,0% – таш төшөлгөн, 7,5% – таш төшөлбөгөн. Автомобиль транспортунда 200 чарбалык субъект иштейт. 2001-ж автомобиль транспорту менен 5522,5 миң т жүк, 31768,4 миң жүргүнчү ташылган (2001). Ош-Карасуу темир жолу (уз. 30 км) Өзбекстандын темир жолу менен жалгашкан. Темир жол менен чоң габариттүү жүк (айрыкча Ош ЖЭБна) жана Бишкек, Жалалабат, Хожент (Тажикстан), Ташкен (Өзбекстан), Арыс (Казакстан) бекеттерине жүргүнчү ташылат. Аба трансп. «Кыргызстан Аба жолдору» улуттук авиакомпаниясына кирген Ош авиаишканасы жана аэропорттон турат. Ош аэропорту аркылуу Бишкек, Чолпоната, Каракол шаарларына жана Алматы (Казакстан), Омск, Москва, Новосибирск (Орусия), Пекин (Кытай), Дели (Индия), Пакистан, Сауд Арабстаны, Бириккен Араб Эмирликтерине жүргүнчүлөр ташылат. 2001-ж. аба транспорту менен 62,2 миң жүргүнчү ташылган. Куур транспорту аркылуу облустун калкы газ менен камсыз кылынат (Өзбекстандын Анжиян облусунан алып келинет). Электр трансп. (троллейбус) менен 3207,0 миң жүргүнчү ташылган (2001).

Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк

2021, адам[1]

Баш ийген айыл аймактар (а. а.)

жана шаарлар[2]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Алай району жок 87 398 К. Белебаев атындагы Алай айыл аймагы Аскалы а., Жергетал а., Көлдүк а.,Сопу-Коргон а., Таргалак а., Терек а., Чий-Талаа а.
Будалы айыл аймагы Кара-Суу а., Кайнама а., Тамга-Терек а., Кум-Шоро а., Октябрь а., Оро-Дөбө а.
Бүлөлү айыл аймагы Кошулуш а., Кичи-Бүлөлү а., Көл-Чаты а., Чоң-Бүлөлү а.
Гүлча айыл аймагы Гүлча а., Жылы-Суу а., Кара-Булак а., Курманжан Датка а., Таш-Короо а., Чакмак а.
Жаңы-Алай айыл аймагы Жаңы-Алай а., Жаңы-Арык а.
Жошолу айыл аймагы Аюу-Тапан а., Жаңы-Турмуш а., Коммунизм а., Ленин-Жол а., Миязды а., Орто-Суу а., Осоавиахим а.
Коңур-Дөбө айыл аймагы Арпа-Тектир а., Боз-Караган а., Жар-Кыштак а., Кара-Шоро а., Кызыл-Ой а.
Кабылан-Көл айыл аймагы Кабылан-Көл а., Күнгөй а., Кара-Жыгач а., Курулуш а.
Корул айыл аймагы Арал а., Биринчи Май а., Кең-Жылга а., Тогуз-Булак а.
Ленин айыл аймагы Гагарин а., Күң-Элек а., Мурдаш а., Согонду а.
Сары-Могол айыл аймагы Сары-Могол а.
Сары-Таш айыл аймагы Сары-Таш а., Көк-Суу а., Нура а.
Талды-Суу айыл аймагы Талды-Суу а., Арча-Булак а., Көк-Булак а., Кургак а., Сары-Могол а.
Үч-Дөбө айыл аймагы Ак-Босого а., Ак-Жай а., Гежиге а., Кызыл-Алай а., Кичи-Каракол а., Чоң-Каракол а.
Араван району
137 721 Алля-Анаров айыл аймагы Араван а., Аччи а., Жаңы-Араван а., Кара-Булак а., Маданият а., Сасык-Үнкүр а., Пахта-Абад а.
Керме-Тоо айыл аймагы Гүлбахор а., Кичик-Алай а., Күндөлүк а., Майдан-Тал а., Миң-Теке а., Сары-Булак а., Чогом а.
Мангыт айыл аймагы Мангыт а., Жаңы-Арык а., Кесек а., Кызыл-Коргон а., Төлөйкөн а.
Нурабад айыл аймагы Кайгарач-Ачык а., Какыр-Пилтан а., Лангар а.
С. Юсупов айыл аймагы Араван а., Каррак а., Октябрь а., Суткор а., Эрке-Кашка а.
Төө-Моюн айыл аймагы Ак-Шор а., Жеке-Мисте а., Керкидан а., Найман а., Сары-Таш а., Сырт а., Хауз а.
Тепе-Коргон айыл аймагы Тепе-Коргон а., Арап а., Интернационал а., Кесов а., Уйгур-Абад а., Чертик а., Янги-Абад а., Янги-Юл а.
Чек-Абад айыл аймагы Агроном а., Жакшылык а., Жар-Кышлак а., Кочубаев а., Кукалапаш а., Максим-Тобу а., Пахтачи а., Төлөйкөн а.
Кара-Кулжа району
100 320 Алайкуу айыл аймагы Ара-Булак а., Бөрү-Токой а., Желе-Төбө а., Кан-Коргон а., Көк-Арт а., Сайталаа а.
Капчыгай айыл аймагы Кара-Таш а., Ничке-Суу а., Сары-Бээ а., Терек-Суу а.
Карагуз айыл аймагы Алтын-Күрөк а., Жаңы-Талаа а., Жетим-Дөбө а., Калматай а., Кара-Жыгач а., Насирдин а.
Кара-Кочкор айыл аймагы Кара-Кочкор а., Ак-Кыя а., Кашка-Жол а., Сары-Булак а.
Кара-Кулжа айыл аймагы Кара-Кулжа а., Бий-Мырза а., Биринчи Май а., Сары-Камыш а.
Кашка-Жол айыл аймагы Жаңы-Талап а., Жийде а., Октябрь а., Тоготой а., Ынтымак а.
Кеңеш айыл аймагы Кеңеш а., Пор а.
Кызыл-Жар айыл аймагы Кызыл-Жар а., Кайың-Талаа а., Коо-Чаты а., Күйөташ а., Терек а., Чычырканак а.
Ой-Тал айыл аймагы Ой-Тал а., Көндүк а.
Сары-Булак айыл аймагы Сары-Булак а., Кара-Булак а., Конокбай-Талаа а., Кызыл-Булак а., Сары-Күнгөй а., Тегерек-Саз а., Тогуз-Булак а.
Чалмин айыл аймагы Беш-Кемпир а., Буйга а., Орто-Талаа а., Токбай-Талаа а.
Ылай-Тал айыл аймагы Ылай-Талаа а., Жылкол а., Шаркыратма а., Сай а., Сарыташ а.
Кара-Суу району жок 448 608 Кара-Суу шаары жок
Ак-Таш айыл аймагы Ак-Таш а., Барак а., Жылкелди а.
Жаңы-Арык айыл аймагы Жаңы-Арык а., Ак-Терек а., Правда а., Таш-Арык а.
Жоош айыл аймагы Агартуу а., Большевик а., Гайрат а., Зарбалик а., Калинин а., Коммунизм а., Кызыл-Кошчу а., Кызыл-Сарай а., Маданият а., Мамажан а., Питомник а.
Катта-Талдык айыл аймагы Ачы а., Баш-Булак а., Жаңы-Турмуш а., Кара-Сөгөт а., Кичик а., Кызыл-Ордо а., Садырбай а., Талдык а., Торгой-Булак а., Эшме а.
Кашкар-Кыштак айыл аймагы Кашгар-Кыштак а., Алга-Бас а., Анжиян-Махалла а., Бек-Жар а., Кенжекул а., Монок а., Тажик-Махалла а.
Кызыл-Кыштак айыл аймагы Кызыл-Кыштак а., Анжиян а., Бел-Кыштак а., Жаңы-Кыштак а., Карл Маркс а., Коммунист а., Кызыл-Байрак а.
Кызыл-Суу айыл аймагы Ак-Жар а., Алпордо а., Коргон а., Миялы а., Талаа а., Учкун а., Чайчи а.
Мады айыл аймагы Мады а., Асанчек а., Жоош а., Кыргыз-Чек а., Каарман а., Лаглан а., Октябрь а., Социализм а., Тээке а., Учкун а., Чагыр а.
Нариманов айыл аймагы Нариман а., Алим-Тепе а., Бешмойнок а., ВЛКСМ а., Жаңы-Махалла а., Жийдалик а., Жим а., Каратай а., Куранкол а., Кызыл-Мехнат а., Лангар а., Нурдар а., Осмон а., Тажикабад а.
Отуз-Адыр айыл аймагы Отуз-Адыр а., Жаңы-Кызыл-Суу а., Кара-Дөбө а., Кызыл-Абад а., Кыш-Абад а., Савай-Арык а., Тынчтык а., Фуркат а., Ынтымак а.,
Папан айыл аймагы Папан а., Ак-Буура-1 а., Ак-Буура-2 а., Ак-Буура-3 а., Ак-Буура-4 а., Ак-Терек а., Алчалы а., Ата-Мерек а., Андагул а., Бөрү а., Жаңы-Турмуш а., Жар-Башы а., Камыр-Суу а., Карагур а., Кожо-Келең а., Кызыл-Туу а., Тогуз-Булак а., Чычкан-Көл а.
Савай айыл аймагы Савай а., Кызыл-Шарк а., Кең-Сай а., Кечкен-Жар а., Курбан-Кара а., Кыдырша а., Октябрь а., Султан- Абад а., Ынтымак а.
Сарай айыл аймагы Ак-Өргөө а., Киров а., Коңурат а., Присавай а., Тельман а., Эркин а.
Сары-Колот айыл аймагы Сары-Колот а., Ак-Колот а., Шерали а., Курбан-Кара а., Присавай а., Тынчтык а.
Төлөйкөн айыл аймагы Төлөйкөн а., Бодур-Таш а., Дыйкан-Кыштак а., Жапалак а., Кыргызстан а., Өзгүр а., Учар а.
Шарк айыл аймагы Шарк а., Имам-Ата а., Маданият а., Таштак а., Топ-Терек а., Фуркат а., Медресе а.
Ноокат району
302 481 Ноокат шаары жок
Бел айыл аймагы Бел а., Борбаш а., Жаш а., Таш-Булак а.
Гүлстан айыл аймагы Гүлстан а., Беш-Коргон а., Бостон а., Чоң-Кыштоо а., Фрунзе а.
Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жаңы-Ноокат а., Дөң-Кыштак а., Жандама а., Катта-Тал а., Кызыл-Тейит а., Күнгөй-Хасана а., Мончок-Дөбө а., Темир-Корук а., Тескей а.
Токтомат Зулпуев атындагы айыл аймагы Айбек а., Ак-Чабуу а., Интернационал а., Караке а., Коммунизм а., Өсөр а., Таштак а., Үч-Бай а., Чучук а., Ятан а.
Исанов айыл аймагы Жаңы-Базар а., Жаңы-Коргон а., Кичи-Алай а., Кожоке а., Фёдоров а., Чеч-Дөбө а.
Кара-Таш айыл аймагы Кара-Таш а., Нойгут а.
Кеңеш айыл аймагы Ак-Терек а., Арбын а., Байыш а., Батуу а., Дары-Булак а., Куу-Майдан а., Шанкол а., Чегеден а.
Көк-Бел айыл аймагы Көк-Бел а., Кайыңды а.
Кулатов айыл аймагы Абшыр-Ата а., Акчал а., Арык-Тейит а., Баглан а., Кожо-Арык а., Кош-Дөбө а., Кулуштан а., Кызыл-Булак а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Алашан а., Борбаш а., Жийде а., Каранай а., Көк-Жар а., Сарыканды а.
Кыргыз-Ата айыл аймагы Кыргыз-Ата а., Ак-Булак а., Борко а., Кара-Ой а., Кара-Таш а., Көтөрмө а., Таш-Булак а.
Мирмахмудов айыл аймагы Арал а., Барын а., Будайлык а., Капчыгай а., Кара-Кокту а., Чапаев а.
Найман айыл аймагы Найман а., Улуу-Тоо а.
Он-Эки-Бел айыл аймагы Он Эки-Бел а., Мырза-Найман а., Нарай а., Он-Эки-Мойнок а., Орнок а.
Төөлөс айыл аймагы Ай-Тамга а., Герей-Шорон а., Додон а., Жайылма а., Кеңеш а., Меркит а., Муркут а., Толман а.
Ынтымак айыл аймагы Ынтымак а., Акшар а., Арык-Бою а., Беш-Буркан а., Дон-Маала а., Ничке-Суу а., Таш-Булак а., Челекчи а.
Өзгөн району
282 981 Өзгөн шаары жок
Ак-Жар айыл аймагы Ак-Жар а., Большевик а., Какыр а., Семиз-Көл а.
Алтын-Булак айыл аймагы Алтын-Булак а., Кара-Баткак а., Кандава а., Сасык-Булак а., Таш-Башат а., Чечебай а.
Баш-Дөбө айыл аймагы Жаңы-Жол а., Кашка-Терек а., Кеңеш а., Кош-Корогон а., Кызыл-Кырман а.
Ден-Булак айыл аймагы Ден-Булак а., Бакмал а., Бабашуулу а., Бөксө-Жол а., Жаңы-Абад а., Кара-Дарыя а., Мичурин а., Өзгөрүш а., Төөлөс а., Чимбай а.
Жалпак-Таш айыл аймагы Ак-Терек а., Кара-Тарык а., Карл Маркс а., Киров а., Кысык-Алма а., Курбу-Таш а., Туз-Бел а., Үчкаптал а.
Жыланды айыл аймагы Жыланды а., Ботомойнок а., Калта а., Красный Маяк а., Прогресс а., Яссы а.
Заргер айыл аймагы Заргер а., Аюу а., Жаңы-Айыл а., Кайрат а., Кутурган а., Ничке-Сай а., Токтогул а., Тосой а.
Жазы айыл аймагы Жазы а., Жээренчи а., Кара-Дыйкан а., Кызыл-Дыйкан а.
Ийри-Суу айыл аймагы Ак-Терек а., Жаңгакты а., Жийде а., Кара-Колот а., Корс-Этти а., Кыргызстан а., Орказган а.
Кара-Таш айыл аймагы Ийрек а., Коргон а., Үңкүр а., Ынтымак а., Элчибек а.
Кароол айыл аймагы Кароол а., Жан-Шоро а., Мырза-Арык а., Орто-Арык а., Шералы а.
Көлдүк айыл аймагы Шамал-Терек а., Чалк-Өйдө а.
Курбаш айыл аймагы Курбаш а., Шагым а., Эрдик а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Алга а., Беш-Абышка а., Гузар а., Кочкор-Ата а., Кремль а., Курбаш а., Кызыл-Сенгир а., Старая Покровка а., Ынтымак а.
Кызыл-Тоо айыл аймагы Кызыл-Тоо а., Ак-Кыя а., Донуз-Тоо а., Карчабек а., Эркин-Тоо а.
Мырза-Аке айыл аймагы Мырза-Аке а., Адыр а., Бабыр а.
Саламалик айыл аймагы Саламалик а., Ак-Терек а., Ара-Көл а., Кош-Этер а., Кызыл-Байрак а., Кызыл-Чарба а., 15 Жаш а.
Төрт-Көл айыл аймагы Ана-Кызыл а., Бостон а., Шоро-Башат а., Кыймыл а., Макаренко а.
Чангет айыл аймагы Чангет а., Өстүрүү а.
Чоң-Алай району
32 140 Жекенди айыл аймагы Жекенди а., Шибээ а., Карамык а., Кара-Тейит а., Чулук а.
Кашка-Суу айыл аймагы Кашка-Суу а., Ачык-Суу а., Бурган-Суу а., Жайылма а., Кабык а., Кара-Кабак а., Кичи-Жайылма а.
Чоң-Алай айыл аймагы Дароот-Коргон а., Жар-Башы а., Жаш-Тилек а., Жаман-Жар а., Кара-Шыбак а., Кочкорчу а., Кулчу а., Кызыл-Туу а., Кызыл-Эшме а., Сары-Булак а., Чак а.

Маданий турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Облустун билимберүү системасы мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч, орто, кесиптик-тех., атайын орто жана жогорку окуу жайларынан турат. 2001/02-окуу жылында облуста 65 мектепке чейинки мекеме (8,2 миң бала тарбияланат), 544 жалпы билим берүүчү мектеп (310,7 миң окуучу окуйт), 15 кесиптиктех. окуу жайы (2,7 миң), 7 атайын орто окуу жайы (3,3 миң студент), 4 жогорку окуу жайы (58,6 миң) бар. Жалпы билим берүүчү орто мектептердеги окуучулардын 63,8% – кыргыз, 28,7% – өзбек, 7,4% – орус, 0,1% – тажик тилдеринде окуйт. Облуста Ош соода колледжи, Ош курулуш колледжи, Ош айыл-чарба техникуму, Ош, Өзгөн мед. окуу жайлары (атайын орто билим берүүчү), Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз–Өзбек университети, Гуманитардык-педагогикалык ин-ту, Москва мамлекеттик социалдык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, жана Кыргыз эл аралык университетинин филиалдары иштейт.

Саламаттык сактоо тармагында облустук ул. госпиталь, 4 шаардык, 1 шаардык балдар, 3 учук, инфекциялык, 7 райондук, 4 номердик, 39 участкалык оорукана, төрөт үйү, 7 учук, 3 тери-венерологиялык, онкологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлер, 11 поликлиника, 6 тиш поликлиникасы, 233 фельдшер-акушердик пункт, 173 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. иштейт (2001). Аталган мекемелерде 2330 врач, 9168 мед. орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет (2000).

Облуста улуттук мааниге ээ театрлар, музейлер, көркөм-сүрөт мастерскойлору бар. Ош облустук маданий башкармасына караштуу 13 райондук жана шаардык бөлүмдөр, 8 облустук маданий мекемелер, 222 китепкана, 157 маданият үйү, 3 театр, 7 эс алуу паркы, 24 муз. мектеп, мамл. муз. окуу жайы иштейт (2001).

Облустун аймагындагы байыркы тарыхый-архитектуралык эстеликтер: байыркы аңчылардын тургун жайлары, шаар чалдыбарлары, байыркы мүрзөлөр, мавзолейлер, мечиттер, кербен-сарайлар, чептер ж. б. Байыркы Ош шаары (б. з. ч. 4-к., б. з. 5-к.) жана ага жакын жаткан аймактарда Жибек жолундагы маанилүү пункттар – Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр, Мады, Коргошундөбө, Акбуура, Шалтакдөбө, Шоробашат Куршаб ж.б. чептер жайгашкан. Ош ш-нын аймагындагы «Сулаймантоо» (Тахт-и-Сулайман) эстелиги, Рават Абдуллахандын мечити (16–17 к.), Асаф ибн Бурхия мавзолейи (17–18-к.), Алымбек датканын (19-к.) жана Мухамад Юсуп Байкожо уулунун мечиттери (20-к.), орто кылымдарга таандык архит. эстеликтердин бири Өзгөн архит. комплексинини (3 мавзолей жана минареттен турат) ж. б-дын мааниси зор. Кокон хандыгынын тушундагы эстеликтерге – Дарооткоргон, Соголон кербен-сарайы (чептердин калдыктары) таандык.

Ферсман үңкүрү.

Облустун табигый объектилери туризм менен альпинизмди өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Карашоро минералдуу суулары, Саламалик жаңгак-мөмө токою, Абшырсай шаркыратмасы, Ажыдаарүңкүр, Баритүү, Ферсман үңкүрлөрү ж.б. рекреациялык мааниге ээ.

Алай жана Чоң Алай тоолорунун бийик бөлүктөрү туризм жана алпинизмди өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу. Алай өрөөнүндө жана Чоң Алай кырка тоосунда 4 туристтик маршрут иштейт. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик – Ленин атн. чокусунун этегинде Ачыкташ альплагери орун алган. 2001-ж. Алай жана Чоң Алай райондоруна келген туристерден 112,8 миң сом киреше түшкөн. Жалпысынан алганда облустагы 83 туристтик объектинин: 16сы – табигый, 17си – тарыхый-маданий, 8и – аңчылык, 7си – дарылоо-бальнеологиялык, 4өө – курорттук, 15и – рекреациялык, 4өө - интераңчылык, 12си – археологиялык объектилер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
  2. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 45—60

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]