Ош (шаар)
Ош - 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-к-да шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган. Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы (Дарбаза-ий Кух, Дарбаза-йи Аб жана Дарбаза-йи Мугкеде деген) болгон. Ош шаарынын 13-к-дын башында Чыңгыз хандын аскерлери кыйраткан. 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.), Азаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (17–18-к.), Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди.Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.
Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырымдай. Калкы 500,5 миң адам. Шаар тургундарынын 64,70% - кыргыздар, 27.60% - өзбектер, калганы - орустар, түрктөр, уйгурлар, татарлар, тажиктер, лөлүлөр жана башка улут өкүлдөрү.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт.
Кыскача адабият тизмеси [оңдоо]
- Киргизская ССРди унуттунарбы же жеп алдынарбы акмактар.
- Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
- Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографическийу свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6...