Пабло Пикассо

Википедия дан
Pablo Picasso (1962)

Пикассо (өз аты-жөнү – Руис-и-Пикассо) Пабло (1881, Испания, Малага – 1973, Франция, Мужен) – француз сүрөтчүсү, ата-теги испан. Адегенде атасынан (Х. Руис), кийин Ла-Корунья (1894–95), Барселона (1895-жылдан) жана Мадрид шаарларындагы асем искусство мектептеринен таалим алган. 1904-жылдан Парижде жашаган. Алгачкы маанилүү чыгармалары: “Жакыр карыя менен бала” (1903), “Шар үстүндөгү кыз” (1905). 1907-ж. П. реалисттик салттан чектеп, авангардизм жана кубизм багытына оогон (“Желпүүр кармаган аял”, 1909 жана А. Волларддын портрети, 1910). 1910-жылдардын ортосунан неоклассицизм (“Булак боюндагы үч аял”, 1921; “Эне жана ымыркай”, 1922) үлгүсүндө, 1910-жылдын аягында карапайым адамдарды (“Балыкчы”, 1918; “Дем алып отурган дыйкандар”, 1919), 30-жылдардын 2-жарымында буржуазиялык кысымдан запкы чеккендерди (“Ыйлап жаткан аял”, 1937; “Мышык менен чымчык”, 1939) тарткан. Кийин Франциянын Элдик фронтунун көрүнүктүү ишмери катары “Генерал Франконун тилеги жана калптары” (1937) деген сериясында фашизмдин маңызын ашкерелеген. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) кезинде фашист немец аскерлер басып алган Францияда калып, Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. “Тынчтык көгүчкөнү” сүрөтүндө (тушь, 1947), “Тынчтык” жана “Согуш” панносунда (1952) П-нун гумандуу көз караштары даана байкалат. 40-жылдардын акырынан П-нун чыгармачылыгы көп кырдуу өнүккөн. Ал станоктук живописте, скульптурада (“Козу кармаган адам”, коло, 1944), карапа жасоодо (2000дей буюм), өзгөчө графикада (сүрөт, офорт, линогравюра, литография жана башкалар) белсемдүү иштеген. П-нун чыгармачылыгы XX кылымдагы искусствонун бардык түрүнө зор таасири тийген жана тийгизүүдө. П. 1950-ж. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советине шайланган. Тынчтыктын Эл аралык сыйлыгынын (1950) жана “Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн” Эл аралык Лениндик сыйлыгынын (1962) лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]