Павел Валерьевич Дуров

Википедия дан
Павел Валерьевич Дуров

Павел Валерьевич Дуров (1984-жыл 10-октябрь, СССР, Ленинград) - орусиялык ишкер, программист, рублдик миллиардер, ВКонтакте коомдук тармагынын жана ушул эле аталыштагы компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири; кроссплатформалык "Telegram" месенжеринин түзүүчүсү. ВКонтакте-нин мурдагы генералдык директору (2006-2014). Студент кезинде ОФ Президентинин жана ОФ Өкмөтүнүн стипендиясынын лауреаты, Потанин стипендиясынын үч жолку лауреаты болгон.

2001-жылы Академиялык гимназияны артыкчылык менен бүтүргөн. 2006-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин "Англис филологиясы жана котормо" адистигин кызыл диплом менен аяктаган (дипломун алигиче алып кете элек). Мындан бир жыл мурда СПбМУнун аскердик окутуу факультетинде "Үгүт жана психологиялык согуш" боюнча профессионалдык даярдыгын бүтүрүп, запастагы лейтенант деген наам алган. ЖОЖду бүтүрөр замат азыркы тапта Орусиянын эң ири коомдук тармагы болгон "ВКонтакте"-ни түзгөн. 2011-жылы Дуров 7,9 миллиард рубль байлыгы менен Орусиянын миллиардерлеринин рейтингинде 350-орунду ээлеген.

Павел этжебес (вегетарианец) болуп эсептелет жана либертаристтик саясий көз караштарды карманат. Дуровду орусиялык Марк Цукерберг деп аташат. Адаттан тыш иш-аракеттери жана сөздөрү үчүн көп сындашат. 2012-жылы 19-ноябрда Николай Кононовдун "ВКонтакте"-нин пайда болушун жана авторун баян кылган "Дуров Коду" (орус. Код Дурова) китеби чыккан; китепти тасмага түшүрүү укугун дароо AR Films кампаниясы алган.

Дуров 2014-жылы Орусиядан чыгып кеткен жана артка кайтуу ниети жок экенин билдирген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]