Павлов, Иван Петрович

Wikipedia дан
Иван Павлов
Ivan Pavlov nobel.jpg
Туулган жылы:

  (26 -сентябрь 1849)(1849-09-26)

Туулган жери:

Рязань

Каза болгон жылы:

  (27 -февраль 1936)(1936-02-27)

Каза болгон жери:

Санкт-Петербург, РСФСР, СССР

Өлкө:

Российская империя, РСФСР, СССР

Илимий чөйрөсү:

Физиология

Альма-матер:

Петербург университет

Белгилүү окуучулары:

Л. A. Орбели, К. М. Быков, П. С. Купалов, П. К. Анохин, Б. П. Бабкин, Н. Н. Трауготт

Белгилүү болгондугу:

Физиология илиминин жарутуучусу; Физиология мектебинин негиздөөчүсү

Белгилүү болгондугу:

Физиология илиминин жарутуучусу; Физиология мектебинин негиздөөчүсү

Сыйлыктары


Нобел сыйлыгынын лауреяты 1904

Иван Павлов - Улуу физиолог, окумуштуу академик. Ал 1849-жылы 26-сентябрда Рязанда дин кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган. Алгач ал дин мектебинен окуп, тарбияланып башталгыч жана орто билим алган. 1870-жылы Петербург университетиндеги физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирет. 5-курста окуп жүргөндө тамак сиңирүү жана кан жүгүртүү физиологиясы боюнча бир катар илимий иштерди жасагандыгы үчүн 1874-жылы алтын медаль менен сыйланган. 1875-жылы университетти бүткөндөн кийин окуусун андан ары улантып Медико-хирургиялык академиянын III курсуна кабыл алынат (ал кийин согуштук-медициналык академия деп атаган). 1879-жылы академияны бүткөндөн кийин конкурстун негизиндеги академияга аспирант болуп, лабороторияны жетектеген. Иштеп жүргөн жылдарда анын жүргүзгөн ар бир экспериментти жана макаласы дүйнөлүк илимий ойдун энчисине айланып, дароо эле коллегаларынын арасында дүркүрөгөн диспуттарды пайда кылган.

1883-жылы "жүрөктүн борбордон качма нервдери" деген темада диссертациясын коргоп, медицина илиминин доктору деген илимий даражага ээ болгон. Бул илимий эмгеги аркылуу хирургияда наркоз берилген тирүү иттен эң ичке нерв бутакчаларын издеп таап текшерген жана алардын физиологиялык ар кыл баркын тажрыйба менен далилденген. "Тамак сиңирүүчү негизги бездердин иштеши жөнүндө" деген темада диссертациясын коргоп, медицина илиминин доктору деген илимий даражага ээ болгон. Бул илимий эмгеги аркылуу хирургияда наркоз берилген тирүү иттен эң ичке нерв бутакчаларын издеп таап текшерген жана алардын физиологиялык ар кыл баркын тажрыйба менен далилдеген.

Өзгөчө Павловдун шарттуу рефлекс жөнүндөгү окуусу дүйнөлүк мааниге ээ. Павлов өз окуучулары менен бирдикте шарттуу рефлекстин пайда болушунун жана алардагы өзгөрүүлөрдүн динамикасын (козголуу, тормоздолуу жана иррадация жана башка) бардык жагынан изилдөө менен көптөгөн нервдик-психикалык детерминанттардын мыйзамченемдүүлүгүн ачкан. Шарттуу рефлекстердин ичинен ал психология илимине түздөн-түз таандык болгон баамдоочу рефлекс эркиндик жана максат рефлекстерин бөлүп көрсөткөн.

Павлов сездиргич органдардын иштерин изилдөө менен анализаторлор жөнүндөгү окуу боюнча жаңылыктарды ачкан. Павлов алардын ички жана сырткы чөйрөдөн келген дүүлүгүүлөрдү эң жогорку деңгээлде талдоочулук жана синтездөөчүлүк маанисин даңазалаган. Шарттуу рефлекстин пайда болушунун жана жүрүш-туруштун модификациясынын мыйзамченемдүүлүгү жөнүндөгү Павловдун илимий ачылыштары кибернетиканын өнүгүшүнө да чоң түрткү берди. Жогоруда айтылгандардан тышкары ал нерв иштеринин типтери жөнүндөгү, дүүлүктүргүчтөрдүн реакциясынын туруктуу комплекси катарында каралуучу динамикалык стереотип жөнүндөгү проблемага да кайрылып, олуттуу илимий корутундуга келген болучу. Жалпылап айтканда Павловдун илимий ачылыштары дүйнөлүк физиология, медицина жана психология илимдерин түп тамырынан бери кайра курууга, ошондой эле тирүү жандыктардын кыймыл-аракетин жана жүрүш-турушун изилдөөдө объективдүүлүк жана детерминисттик жолдорду кеңири колдонууга өбөлгө түздү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,