Пак Кын Хе

Википедия дан
Пак Кын Хе
кор. 박근혜
朴槿惠
Пак Кын Хе
Желек
Желек
Корея Республикасынын 11-чи президентти
желек
желек
25-февраль 2013-жыл — 10-март 2017-жыл
Өкмөт башчысы: Чон Хонвон,
Ли Вангу,
Хван Гёан
Андан мурунку: Ли Мён Бак
Андан кийинки: Хван Гёан (м.а.)
 
Дини: (атеист)[1]
Туулган жери: Тэгу, Түштүк Корея
Атасы: Пак Чон Хи
Апасы: Юк Ён Су
Жубайы: жок
Балдары: жок
Партиясы: Сэнури
Кесиби: саясатчы
 
Сайты: http://www.president.go.kr/president/intro.php
 
Автограф: Кол тамгасы
 
Сыйлыктары:
«Мугунхва» орденинин кавалери
Калып:Бани ордени

Калып:Корей ысымы

Пак Кын Хе (кор. 박근혜?, 朴槿惠?, 2-февраль 1952-жыл, Тэгу, Түштүк Корея) — Корея Республикасынын 11-чи президентти (2013-2017).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корея Республикасынын 11-президенти Пак Кын Хе Тэгу шаарында төрөлгөн. Ал 1970-жылы Сеулда орто мектепти аяктайт, андан соң жогорку билимди Сеул Университети Соганда алат, аны бүтүргөн Пак Кын Хе тайвандагы Кытай маданиятынын университетин 1987-жылы аяктаган.

1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы.Энеси каза болгондон кийин, атасынын жанында биринчи лединин милдеттерин аткарып жүргөн. Пак Кын Хе эч качан турмуш курган эмес жана балдары жок, өзүн саясий жашоого арнаган.

Саясий карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-жылы Түштүк Кореянын парламенти болгон Улуттук Жыйынына “Улуу өлкө” партиясынан депутаттыкка шайланган. Шайлоого Тэгу шаарынын округдарынын биринен барган. Мындан соң үч жолу тең ушул округдан Парламентке депутат болгон. Акыркы жолу 2008-жылы шайланып, 2012-жылы депутаттык мандаты бүткөн соң мындан ары Парламентке келбешин билдирген. 2004-2006-жылдары “Улуу өлкө” партиясын жетектеген. Ушул доордо бул партия көптөгөн ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду утуп алган. Мунун себебин көпчүлүк Кын Хенин ишмердүүлүгү менен байланыштырышып, ошондон улам ал “Шайлоолор ханышасы” деген лакап атка конгон. Кын Хе 2007-жылы эле президент болсом деп ашыгат бирок, ички партиялык күрөштө Ли Мён Бакка уттурган. Мё Бак ошентип президент болгон. 2011-жылы партия өз атын “Сэнури” деп өзгөртүп, бул “Жаңы горизонттор” партиясы дегенди түшүндүргөн. Жаңы партияны Кын Хе жетектеп калган. Кореянын президенттигине 2012-жылкы шайлоодо көп пайыз утуш менен келген. Кызматка 2013-жылы киришкен. 2016-жылы күз айларында Түштүк Кореяда президенттин чөйрөсүндөгү адамдардын коррупциялык иш-аракеттери, жашыруун документтердин элге тарап кетиши жарандардын арасында нааразычылыкты жараткан. Президент ээлеген кызматынан өз эрки менен бошотуу тууралуу айтканда саясат таануучулар аны импичменттен качууга аракет деп баалашкан. Улуттук жыйын өтүп Конституциялык соттун чечимине чейин Пак Кын Хенин ыйгарым укуктары токтотулуп ага импичмент жарыяланган. Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруу иши 2016-жылдын 9-декабрынан баштап премьер-министр Хван Гёанга жүктөлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Калып:Түштүк Кореянын президенттери

  1. [새누리 후보 확정] [프로필] 박근혜 새누리당 대선 후보