Палермо

Википедия дан
Палермо
итал. Palermo
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Италия

Облус

Сицилия

Мэр

Леолука Орландо

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Расмий тили

Италян тили

Калкынын саны

663 770 ([[]])

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Телефон коду

091

Автоунаа коду

PA

https://www.comune.palermo.it

ПалермоИталиядагы шаар. Сицилия аралынын түндүк жээгинде жайгашкан. Тиррен деңизиндеги порт. Сицилия облусунун жана Палермо провинциясынын административдик борбору. Калкы 657,0 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (анын ичинде кеме, айыл-чарба машиналары, электр-техникалык), жеңил, жыгаччылык, полиграфия, тамак-аш – татымал, химиялык, оптика өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, архгеологиялык улуттук музей, Сицилия улуттук жана заманбап искусство галереясы, Епархия, этнографиялык музейлери, Асем өнөр академиясы, театрлар (опера жана драма), галереялар, обсерватория бар. Финикиялыктар тарабынан б. з. ч. 754-ж. негизделген. 12-13-кылымдарда Сицилия королдорунун резиденциясы. Палермодо башталган көтөрүлүш 1848–49-жылдары Италияда революцияга алып келген. Ботаникалык бак уюштурулган. Жыл сайын Жер ортолук деңиз ярмаркасы өткөрүлөт. Кышкы курорт иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]