Пальмитин кислотасы

Википедия дан

Пальмитин кислотасы (гексадекан к-тасы) С15Н31СООН, мол. масс. 256,42 – кристаллдар, балкып эрүү t 63,10С; кайноо t 351,50С; d462 0,8534; nD20 1,4309; П. к. - жаратылышта эң кеңири таралган май к-тасы. Бардык жаратылыш майларында (триглицериддер түрүндө) кездешет. Доңуз майы, кокос майынын негизги курамдык бөлүгү, пальма майында 35-40 % П. к. бар. Бул майлардан П. к. (май майдаланып, ажырагандан кийин) ацетон же метанолдо кристаллдаштыруу же фракциялык кургак буулантуу менен бөлүп алынат. П. к. май к-таларына мүнөздүү бардык касиеттерге ээ. П. к. туздары башка к-талар туздары менен болгон аралашмасы самын алууда колдонулат. Кээ бир эфирлери сырларды, ошондой эле синтездик детергенттерди алууда пайдаланылат. Стеарин к-тасы менен болгон аралашмасы шам чыгаруу үчүн “стеарин” деген ат практикада колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]