Папуа-Жаӊы-Гвинея.
Папуа-Жаӊы-Гвинея. Папуа-Жаӊы-Гвинея – Тынч океандын түштүк- чыгышындагы мамлекет. Анын составына Жаӊы Гвинея аралынын чыгышы, Бисмарк архипелагы, Соломон аралдарынын түндүк бөлүгү, көп майда (200дөн ашык) аралдар кирет. Табиятын к. Жаӊы Гвинея аралы. Аянты 462,8 миӊ км2. Калкы 2,8 млн(1975). Борбору- Порт- Морсби (калкы 80 миӊче). Британия ынтымагына кирет. Мамлекетти англ. Падыша башкарат. Жергиликтүү элдин 700гө жакын уруусу бар. Көбү папуастар менен меланезиялыктар. Мамлекеттик тили- англис тили. Элинин 90% ашыгы христиандар. Европ. колониячыларга чейин аймагында папуастар менен меланезиялыктар жашаган. 1884- жылы Жаӊы Гвинея аралынын Папуа деп атала баштаган түштүк- чыгыш бөлүгүндө англ. Протекторат орноп, түндүк- чыгышын Германия басып алган. 1888-жылы Улуу Британия Папуаны өз колониясы деп жарыялап, аны 20- кылымдын башында Австалия Союзуна берген. Аймактын Жаӊы Гвинея деп аталган бөлүгү 1920- жылы Австралия Союзуна өткөн. 1949- жылы Австралия админ. Жактан Папуа менен Жаӊы Гвинеяны бириктирген. 1973-жылы декабрда Папуа-Жаӊы-Гвинея өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 1975-жылы Порт- Морсби шаарында Папуа- Жаӊы- Гвинеянын көз карансыздыгы жарыяланган. Ал Австралия, Улуу Британия, Япония ж.б. өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзгөн. 1975- жылдан БУУна мүчө. Папуа- Жаӊы- Гвинеянын экономикасында Австралия капиталынын салымы күчтүү. Күрдүү жерлеринин көбү австралиялыктарга таандык. Негизги а.ч. өсүмдүктөрү- кокос пальмасы, каучук, кофе, какао, чай, май пальмасы ж.б. Ак жүгөрү, таро, ямс, батат өстүрүлөт. Жыгач иштетүү жана тамак- аш ө.ж. бар. Алтын, жез, цинк казылып алынат. Негизги порттору: Порт- Морсби, Рабал Лаэ, Маданг. Сыртка копра, кокос майын, кофе, каучук, алтын ж.б. чыгарып, өзүнө азык-түлүк, тамеки, машина жана жабдууларды ж.б. алат. Соода шериктери: Япония, ГФР, Австралия ж.б.
[оңдоо] Адабият
«Кыргыз Совет энциклопедиясы», 4- бөлүм (Л-П), 595- бет, Фрунзе 1979- жыл.