Париж тынчтык келишими.

Wikipedia дан

Париж тынчтык келишими.

Париж тынчтык келишими (1856)-Крым согушунун (1853-1856) Жыйынтыктаган келишим. 1856 жылы 30 мартта Париж конгрессинде түзүлгон. Келишим боюнча Россия менен Турция жеӊип алган аймактарын бири-бирине кайтарып беришкен. Кара деӊиз бейтарап деп жарыяланып, анда Россия менен Турция согуш флотун жана чептерди кармоо укугунан ажыраган. Өзгөчө конвенция боюнча Дарданелл менен Босфор аркылуу бардык чет мамлекеттердин согуш кемелеринин өтүшүнө тыюу салынган. Россия Дунайдын куйган жеринен жана Бессарабиянын түштүк бөлүгүнон ажырап, Дунай княздыгына болгон протектораттыгы жокко чыгарылган. Париж тынчтык келишими падышалыктын Европадагы жана Ж. Чыгыштагы позициясын начарлатып, кийин Чыгыш маселесинин курчушуна алып келген. 1870 жылы Франция Пруссия менен болгон согушта жеӊилгенден кийин Россиянын тышкы иштер министри А.М.Горчаковдун циркулурында орус флотун Кара деӊизде чектөөчү жобо жараксыз деп жарыяланып, ал 1871 жылы Лондон конференциясы тарабынан таанылган.

[оңдоо] Адабият

Сборник договоров России с другими государствами. 1856-1917, М.,1952. Кыргыз Совет Энциклопедиясы (4-болук Л-П), Фрунзе 1979ж.

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде