Паркинсонизм

Википедия дан

Паркинсонизм — адатта белгисиз себептер менен мээ кыртышындагы клеткалардын акырындап жансыздануусунан (паркинсон оорусу), мээ сезгенүүдөн (энцефалит), мээ кан тамырынын атеросклерозунан, ис уруудан же марганец менен уулангандан, резерпин жана башка узак убакыт баш аламан ичүүдөн болот.

Оору тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ооруда оорулуунун муундары бүгүлбөй, жай кыймылдайт, булчуңу тырышат, денеси калтырайт. Май бөлүп чыгаруучу бездердин функциясы күчөйт, адам терчил болот. Кээде капысынан эле жүрөк тез согот, бет кызарат, оорулуу тердеп, чабалактайт. Оорулуу алдыга жүткүнүп, башы ийнине тартылып, колдорун чыканак муундарынан бүгүп турат, бет көрүнүшү бейкапар тартат, көздөрү ирмелбей, алысты карап тургансыйт. Оозу саал ачылып, шилекейи куюлат. Бүткөн бою түйүлүп, жай, олдоксон кыймылдайт. Башын жаздыкка тийгизбей жатат, колдорун шилтебей басат, ордунан жылгандан кийин боюн токтото албай, көмөлөнүп кетүүсү мүмкүн, эгер бурулса, тең салмагын жоготуп, капталына кулайт. Акырын, бир калыпта, түшүнүксүз сүйлөйт. Кээде көзү аңтарылып, карышат. Дененин калчылдаганы жана башка көрүнүштөр уктаганда жоголот да, ойгонгондо кайра башталат. Оорулуу жагымдуу музыка укканда, жактырган адамын көргөндө кыймылы оңоло түшөт. Тынч отурганда калтыроосу күчөйт, кыймылдап жүргөндө азаят, толкунданганда, кайгырганда да күчөйт. Алар тынчтыкты жактырат. Күндүз зорго кыймылдап жүргөн оорулуу түн кирип айлана жымжырт болгон кезде эркин кыймылдап жүрө алат. Эгер тынчтык бир аз бузулса, оору кармайт. Бул оору адамдын психикасына да таасир тийгизет. Оорулуунун айлана-чөйрөгө болгон кызыкчылыгы жоголуп, тууган-туушкандарына каралашпай, кээде өзүн өзү өлтүрүүгө да барат. Алар өжөр, таарынчаак келишет. Мындай оорулууларды жеңил гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо, машыктыруу, өзүн тейлөөгө үйрөтүү пайдалуу.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Паркинсонизм менен жабыркагандар мүнөздөп тамактанууга тийиш. Ооруну дары, кээде хирургиялык жол менен дарылайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8