Парник эффектиси

Wikipedia дан

Парник эффектиси (greenhouse effect) – инфракызыл нурланууну жутуунун натыйжасында Жердин жана башка планеталардын атмосферасынын ысышы; ал Күндүн нурунун негизги бөлүгүн (оптикалык диапазонун) Жер бетине көбүрөөк өткөргөндүктөн жана инфракызыл жылуулук нурланууну атмосфера көп жуткандыктан пайда болот.

Көмүртек кош окиси жана озон парник газы деп аталышат, анткени алар мындай нурлануу үчүн тунук эмес жана аны жутуп алышат. Ашкере нурланган энергиянын жарымы Жерге чагылат, бул болсо температуранын андан аркы жогорулашына алып келет. Жер эволюциясынын ташкөмүр доорунда көмүртектин диоксидинин концентрациясынын кыйла төмөндөшү парник эффектисин азайткан жана пермск муз дооруна алып келген. Көмүртектин диоксидинин көп санда болушу планетанын бетинин температурасынын жогорулоосуна, демек уюлдардагы муздун эришине жана Дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Ошентип парник эффектиси Жер атмосферасынын курамын өзгөртөт, экологиялык кадимки абалынын бузулушуна алып келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов