Пародонтоз

Википедия дан
Пародонтоз. 1— соо тиштер (салыштыруу үчүн); 2— пародонтоздун I жана II стадиясы; 3— пародонтоздун III стадиясы.

Пародонтоз (байыркы грек тилинен παρα- — жанында, жана ὀδούς, ὀδόντος — тиш) — тишти курчаган ткандардын өнөкөт оорусу.

Пайда болуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбүнчө улгайган кишилерде, кээде жаштар менен балдарда да жолугат. Пародонтоз жашылча- жемиштерди аз жегендерде (А жана Р витамини жетишпегендиктен) көп болору байкалган. Анын пайда болушунда тиштин айланасындагы ткандардын кан тамырлары менен нерви бузулуп, азыктанышынын начарлашы, тишке таштын чогулушу, ичеги-карындын өнөкөт оорулары түрткү берет. Пародонтоз байкалбай акырындап башталат: бүйлө ачышып, кычышып, тиштин түбү жылаңачтанат, кээде бүйлө шишип, тазалаганда, катуу тамак жегенде канайт. Күчөп кеткенде бүйлө сезгенип, тиштин түбүнөн ириң чыгат, тиш такыр жылаңачтанып, аябай бошоп түшөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо комплекстүү жана ар кимдин оорусунун стадиясына, кабылдоо мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Дарылоо комплексине жасалма тиш салуу, жалпы организмди чыңдоо, физиотерапия, С, В витаминдери менен дарылоо, диета жана курорттук дарылоо жана башка кирет. Врач-стоматологдун көрсөтмөлөрүн толук аткаруу зарыл. Пародонтозду дарылоо үчүн өз алдынча дарыларды пайдаланууга болбойт. Үйдө кызыл демделген чай менен чайкоо сунуш кылынат. Өз убагында башталган дарылоо анын өөрчүшүн көпкө кечеңдетет.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда күндө жеген тамак-аштын мааниси чоң: катуу тамак-аш жеген пайдалуу, ал бүйлөнү укалап, тишти чогулган заттардан ажыратат. 0шондой эле чайноого тиштин баарын катыштыруу, чийки жашылча-жемишти жеген пайдалуу. Жулган же түшкөн тиштин ордуна кечиктирбей жасалма тиш салуу да пародонтоздун алдын алат. Тишти тазалоодо бүйлөнү 3—5 мин. улам бир кол менен укалап; андан кийин ромашканын ачытмасы (1 стакан сууга 1 чай кашык) менен чайкоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8