Парфенон

Википедия дан
Парфенон.

Парфенон (грекче parthenos – кыз дегенден) – байыркы грек искусствосунун эң мыкты эстелиги. Афины шаарында Биздин заманга чейин 447–438-ж. архитектор Иктин менен Калликрат акрополдо курган. П-дун ченеми 30, 89 м Х 69,5 м; 8Х17 сандагы колонналардын бийиктиги 10,43 м. П-дун имараты ак мрамордон салынган. Фасад фризи кентавромахия, амазономахия, гигантомахиялардын сүрөтү тартылган метод менен триглифтерден турат. Фронтондору Афинынын (грек мифологиясындагы теңир аял) төрөлүшүнү жана анын Аттиканы бийлөө үчүн Посейдон менен талаш-тартышын чагылдырган барельеф менен жасалгаланган. 1687-ж. түрктөр менен болгон согушта, венециялыктар Акрополду курчоого алганда П. кыйраган. 1801–03-ж. П-дун көп скульптуралары Улуу Британияга алынып кетип, 1816-ж. Лондондогу Британ музейине коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]