Пасько Евдокия Борисовна

Википедия дан
Пасько, Евдокия Борисовна‎»‎ барагынан багытталды)
Евдокия Борисовна Пасько
Портрет
Туулган датасы:

30 декабрь 1919

Туулган жери:

Жети-Өгүз району, Липенка айлы

Жарандыгы:

ССРС

Өлгөн датасы:

30 январь 2017

Өлгөн жери:

Мөскөө, Орус Федерациясы

Сыйлыктары:

Советтик Союз Баатыры

Пасько Евдокия Борисовна (1919-ж. т., Жети-Өгүз району, Липенка айлы) — гвардиянын ст. лейтенанты. Советтик Союз Баатыры (26.10.1944). Физика-математика илимдеринин доктору, профессор (1959).

1942-ж. майдан фронтто, 46-гвардиялык түнкү авиациялык бомбалоочу аялдар полкунун (2-Белорус фронту, 4-аба армиясы, 325-түнкү авиациялык дивизия) эскадрилья штурманы. 780 согуштук учуш жасап, душмандын согуш объектилерин, техникасын жана аскерлерин жок кылган.
1945-жылдан отставкага чыккан. Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайында сабак берген. Москвада жашайт.
Ленин, Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.