Патрик Стүарт

Википедия дан
Патрик Стүарт (2015-жыл).

Сэр Патрик Стүарт (англ. Patrick Stewart;1940-жылдын 13-июлунда туулган) - англиялык актер. Ал теледеги, театрдагы жана кинодогу чыгармачылыгына алтымыш жылдык өмүрүн арнаган.

Актер королдук Шекспир труппасында узак жылдар бою иштеп, 1979-жылы "West End" театрында коюлган "Антоний жана Клеопатра" (англ. Antony and Cleopatra ) тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актер" номинациясында Лоуренс Оливье атындагы сыйлыкты алган. П. Стүарттын алгачкы негизги ролдору 1970-жылдардын ортосунда Би-би-си каналында көрсөтүлгөн "Хедда" (англ. Hedda) жана "Мен, Клавдий» (англ. «I, Claudius») сыяктуу телесериалдарга жана тасмаларге таандык.

1980-жылдары актер америкалык телесериалдарга жана тасмаларге тартылган. Ал "Жылдыздуу жол: кийинки муун" (англ. Star Trek: The Next Generation) тасмасында капитан Жан-Люк Пикардын ролун аткарган, андан кийинки "Белгисиз адамдар" (англ. X-Men) тасмасында профессор Чарльз Ксавьердин, "Блант сүйлөйт" (англ. Blunt Talk) тасмасында Уолтер Бланттын ролун аткарган. П. Стүарт "Америкалык атаке" (англ. American Dad) мультсериалында ЦРУнун директорунун орун басары Эйвери Баллоктун үнүн коштогон. Ал бир нече жолу "Алтын глобус", "Эмми", АКШнын киноактерлор Гильдиясынын жана "Сатурн" сыйлыктарына талапкер болгон. Актер королдук Шекспир труппасында эмгектенүүнү улантып, 2008-жылы "West End" театрында коюлган "Гамлет" (англ. Hamlet) драмасында Падыша Клавдийдин ролу ага экинчи ирет Лоуренс Оливье атындагы театр сыйлыгын алып келген.

1993-жылы, TV Guide телеканалы П. Стүартка 1980-жылдын "Эң мыкты актер" деген наамды ыйгарган Ал 1996-жылдын 16-декабрында "Голливуд атак-даңк аллеясынын жылдызы" ( Hollywood Walk of Fame) наамы ыйгарылган. 2010-жылы, Улуу Британиянын канышасы Елизавета Экинчи тарабынан актерго рыцардык титул ыйгарылган..

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]