Педагогикалык психология

Wikipedia дан

Педагогикалык психология – окутуу жана тарбиялоонун психологиялык закон ченемдүүлүктөрүн окуп үйрөтүүчү психология илиминин бир тармагы. Педагогикалык психология илим катары XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап калыптана баштаган.

Педагогикалык психологияга негиз салуучулардын бири орус окумуштуу К. Д. Ушинский. Педагогикалык психологиянын өз алдынча илим катары калыптанышына П. Ф. Каптеревдин, А. П. Нечаевдин жана А. Ф. Лазурскийдин эмгектери чоң роль ойногон.

Педагогикалык психология индивиддин социалдык тажрыйбаны өздөштүрүү процессине көбүрөөк көңүл буруп, педагогикалык теорияларды жана практиканы негиздөөчү психологиялык фактыларды, мыйзам ченемдүү маалыматтарды иштеп чыгат. Педагогикалык психология өзүнүн алдына койгон милдеттерди курактык жана социалдык психология менен биримдикте чечет. Бул биримдик педагогика менен жеке методиканын психологиялык негизи болуп саналат. Педагогикалык психология билим, билгичтик, ыкты өздөштүрүүнүн психологиялык ыкмаларын, жолдорун жана өздөштүрүүнүн сапатын, деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү методдорду иштеп чыгат.

Педагогикалык психологияда бир нече теориялар иштелип чыккан: ассоциативдик-рефлектордук теория, акыл иш аракеттеринин этаптуу калыптанышы теориясы. Педагогикалык психологиянын жаш бөлүгү – тарбиялоо психологиясы. Ал окутуу-тарбиялоо иштеринин жүрүшүндө окуучулардын ишенимин, көз карашын калыптандыруунун жана адептүүлүк нормаларын, принциптерин өздөштүрүүнүн психологиялык мыйзамдарын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,