Пекин иш-аракеттер платформасы

Википедия дан

Пекин иш-аракеттер платформасы1995-жылы 4-15-сентябрда Пекин шаарында болуп өткөн IV Бүткүл дүйнөлүк аялдар конференциясында иштелип чыгып, кабыл алынган жыйынтыктоочу документ. Аталган конференцияга 189 өлкөнүн расмий делегациясы жана 17 миң адам катышкан[1]. Алардын катарында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы да болгон. Документ алты бөлүмдөн турат: «Максаттар », «Дүйнөлүк контекст», «Эң маанилүү көйгөйлүү тармактар», «Стратегиялык максаттар жана чаралар», «Уюштуруу механизмдери» жана «Каржылоо механизмдери».

ПИПнын "Максаттар" бөлүмүндө аталган документ "аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү күн тартиби” катарында каралат. Күн тартибинин максаты - аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Найроби стратегияларын тез арада жүзөгө ашыруу, ошондой эле аялдарды коомдук жана жеке турмуштун бардык чөйрөлөрүнө жигердүү катыштырууда келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу. Ал үчүн аялдарды экономикалык, социалдык, маданий жана саясий маселелерди чечүү процесстеринде ар тараптуу жана теңме-тең катышуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу керек.

ПИПнын максаты - 1995-2000-жж. жүзөгө ашырыла турган артыкчылыктуу иш-чаралар тобун түзүү. Стратегиялык иш-аракеттер чөйрөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • A. Аялдар жана жакырчылык.
  • B. Билим берүү жана аялдарды кесиптик жактан даярдоо.
  • C. Аялдар жана саламаттыкты сактоо.
  • D. Аялдардын зомбулукка дуушар болушу.
  • E Аялдар жана куралданган чыр-чатактар.
  • F. Аялдар жана экономика.
  • G. Аялдардын башкаруу органдарынын ишинде жана чечим кабыл алуу процессинде катышуусу.
  • H. Аялдардын абалын жакшыртуучу институтташтырылган механизмдер.
  • I. Аялдардын укуктары.
  • J. Аялдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары.
  • K. Аялдар жана айлана-чөйрө.
  • L. Кыздар.

Пекин иш-аракеттер платформасынын (ПИП) негизинде 1995-жылдын декабрь айында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында ПИПнын негизги тематикалык багыттары ("Аялдар өнүгүү процессинде"; "Кыздар"; "Элет жергесиндеги аялдардын абалын жакшыртуу"; "Аялдарды сатуу"; "Мигрант аялдардын зомбулукка дуушар болушу" ж.б.) боюнча резолюциялар кабыл алынган[2].

ПИП Кыргыз Республикасында улуттук гендердик мыйзамдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон. Гендердик мыйзамдардын өнүгүүсү 1996-жылы аялдардын укуктары боюнча негизги эларалык конвенциялардын ратификацияланышы, Үй-бүлө, аялдар жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү, ошондой эле Аялдардын абалын жакшыртуу боюнча улуттук иш-аракеттер планынын ("Аялзат" программасы) бекитилиши менен башталган[3].

Пекинде конференция өтүлгөндөн бери Пекин иш-аракеттер платформасы жүзөгө ашырылып жатканда, анын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктерин аныктоо үчүн ар бир өнүгүү факторунун ролу менен таасирин баалаган серептөөлөр беш жылда бир жолу өткөрүлүп турду. Жалпы-жонунан үч сереп даярдалды. Пекин декларациясынын жана Пекин иш-аракеттер платформасынын (Пекин +5) биринчи беш жылдык серептөөсүндө ПИПны дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда жүзөгө ашыруу тажрыйбасы жыйынтыкталып, БУУнун Башкы ассамблеясынын "2000-жылдагы аялдар: эркектер менен тең укуктуулугу жана ХХI кылымдагы тынчтык» деп аталган 23-атайын сессиясында 2000-жылы июнь айында Кыргыз Республикасы тарабынан тааныштырылган. Ошол сессияда мүчө мамлекеттер Пекин декларациясын жана Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу боюнча келечектеги иш-чаралар менен демилгелер камтылган расмий документ кабыл алышкан. Ал документте Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруудагы жетишкендиктер менен тоскоолдуктар көрсөтүлүп, өкмөттөр, жеке тармак жана жарандык коом үчүн Пекин иш-аракеттер платформасын дүйнөлүк, улуттук жана чөлкөмдүк деңгээлде кыйла майнаптуу илгерилетүү боюнча сунуштар келтирилген. Пекин +10 дүйнөлүк сереби Пекин иш-аракеттер платформасынын мамлекетте жүзөгө ашырылышына арналып, жыйынтыктары Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 49-сессиясында тааныштырылган. Башка мүчө-мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы Пекин декларациясын, анын Иш-аракеттер платформасын, ошондой эле БУУнун Пекин+5 сессиясынын жыйынтыктоочу документин толугу менен жактай тургандыгын билдирди. Аталган сессияда мамлекеттер Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу процессин тездетүүнү макулдашышты.

2010-жылдын март айында Пекин шаарында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясынын 15 жылдыгы белгиленди. БУУнун Башкы ассамблеясы БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 54-сессиясынын алкагында өкмөттөрдүн Пекин иш-аракеттер платформасынын максаттарын канчалык деңгээлде орундатышкандыгын карап чыкты. Бардык өлкөлөрдүн жарандык коомдору ПИП жана мамлекеттик иш-аракеттер пландарын жүзөгө ашырууда алган сабактары жана алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. ПИП, ошондой эле Миңжылдык өнүгүү максаттарын жүзөгө ашырууда келип чыккан тоскоолдуктарды жоюуга көбүрөөк басым жасалды. Пекин декларациясын жана ПИП "Пекин +20" жүзөгө ашыруу алкагындагы КРнын улуттук сереби 2014-жылы түзүлүп, 2015-жылдын март айында Нью-Йорк шаарында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясында кароого тапшырылган.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/fwcwn_video.html
  2. Пекин иш-аракеттер платформасы [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/ru/ga/50/docs/50res.shtml
  3. Пекинден Нью-Йоркко чейин: Кыргызстандагы аялдардын абалы тууралуу отчет (1995-2000) / ПРООНдун чөлкөмдүк программасы – Бишкек, 2000.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Пекинден Нью-Йоркко чейин: Кыргызстандагы аялдардын абалы тууралуу отчет (1995-2000) / ПРООНдун чөлкөмдүк программасы – Бишкек, 2000.
  • 2. Fourth World Conference on Women (Beijing, China) – September, 1995. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/womenwatch/daw/...video.html(жеткиликсиз шилтеме)
  • 3. 50-сессиянын резолюциялары (1995-1996-жж) [Электрондук ресурс]: // БУУнун Башкы ассамблеясынын сайты. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.un.org/ru/ga/....shtml(жеткиликсиз шилтеме)
  • 4. CSW59/Beijing+20 (2015). [Электрондук ресурс]:
  • URL: http://www.unwomen.org/...59-2015(жеткиликсиз шилтеме)