Пенициллин

Википедия дан

Пенициллин - структурасында бета-лактам шакекчеси менен байланышкан тиазолидин шакеги бар антибиотикалык таасирге ээ зат. П. жогорку химиотерапевтикалык индекс, бактерициддик, төмөнкү уулуулук касеиттери менен мүнөздөлөт. П. табигый жана жарым синтетикалык болуп экиге бөлүнөт. Табигый же биосинтетикалык пенициллинди Penicillium уруусуна кирген козу карындардан бөлүп алышат. Жарымсинтетикалык пенициллинди- 6-амино-пенициллан кислотасын (6-АПК ) айландыруу жолу менен алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]