Периостит

Википедия дан

Периостит — жаактын сөөк челинин сезгениши.

Көбүнчө периодонтиттин кабылдоосу катары кезигет, кээде тишти жулгандан кийин суукка урунса, грипп, ангина менен ооруса кабылдап кетиши мүмкүн.
Периоститте бузулган тиштин бүйлөсү шишийт, шишик бат чоңоёт, такай ооруйт, сөөк кабында ириң чогулат (к. Абцесс). Жаагы, көзүнүн асты шишийт (оору тиш тарабы), оору чыкыйга, кулакка берилет, көп учурда дене ысыйт. Абсцесс болгон жерден ириң бүйлөнү тешип сыртка чыгат. Бул учурда сезгенүү процесси басаңдап калат, бирок кайра кармашы мүмкүн. Периостит күчөгөндө ириң жаактын жумшак тканына тарайт (к. Флегмона) же жаак сөөгүн сезгендириши мүмкүн (к. Остеомиелит).

Периоститти врач-стоматолог дарылайт. Кээ бир учурда ооруканага жаткырууга туура келет. Көбүнчө хирургиялык операция жасалып, ириңин тазалайт. Оорулууга оозун марганцовканын мала кызыл эритмеси, ичилүүчү соданын жылуу эритмеси (1 стакан сууга 1 чай кашык сода) менен бат-бат чайкоо сунуш кылынат. Оорусун басаңдатуу үчүн муздак басылат, врачтын сунушу менен ооруну басаңдатуучу дары колдонулат. Тамак суюк, калориялуу, витаминдүү болуу керек.

Алдын алууда тиштин чиришин өз убагында дарылоо, өзүн начар сезген учурда тишти жулдурбоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8