Перистальтика

Wikipedia дан

Перистальтика — көңдөй түтүк органдардын (кызыл өңгөч, ичеги-карын, заара чыгаруучу түтүк жана башкалар) толкун сымал жыйрылышы. Анын натыйжасында алардын ичиндегилер чыгуу тешигин карай жылат.

Перистальтикада бул органдардын узата жана туура жайгашкан булчуңдары бир-бирине айкалышып жыйрылат. Перистальтика толкуну биринин артынан бири келген белгилүү ыргакта жана ылдамдыкта болот. Ал ичеги-карын жолунун ар башка бөлүктөрүндө бирдей эмес.
Перистальтиканы борбордук нерв системалары жөнгө салат. Симпат нервдер Перистальтиканы басаңдатуучу таасир кылса, парасимпат нерв талчалары анын активдүүлүгүн күчөтөт.
Жыйрылуу толкунунун тескери багыттагы кыймылы антиперистальтика деп аталат. Жоон ичегиге антиперистальтика тиешелүү, ал физиологиялык өзгөчөлүк.
Ал эми ичке ичегиде же карында антиперистальтиканын болушу органдардын патологиялык өзгөрүүсүнө (мисалы, шишик өсүү) байланыштуу болот.
Перистальтикага тамак-аштын физикалык, химиялык касиеттери, дары-дармектер таасир этет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8