Пероксиддер

Википедия дан

Пероксиддер – өз ара түздөн-түз байланышкан кычкылтек атому бар химимялык  бирикмелер. Орг. эмес П. кристаллдык торчосу металл ионунан жана мол. кычкылтек анионунан О 22-,О2, О3- турат. Алар жөнөкөй жана комплекстүү болуп бөлүнөт. Жөнөкөй пероксиддер. мол. кычкылтек иондору металл атомдору (катиондору) менен түздөн-түз байланышып, иондук бирикмелерге таандык болсо комплекстүү П. мол. кычкылтек иондору комплекстүү иондор курамына кирет. Жөнөкөй П. мезгилдик системанын I-II группанын металлдары П.: Li 2O2, Na2O2, K2O2, Rb2O2, Cs2O2, CaO2, SrO2, BaO2, жана башка мисал болот. Эң жөнөкөй жана кеңири колдонулуучу пероксиддер. суутек пероксиди Н2О2 кирет. П. окистендиргич касиетке ээ. Алар бир аз ысытуудан эле кычкылтекти бөлүү менен ажырайт. Орг. эмес П. техникада окистендиргич, агартуучу зат катары колдонулат. Орг. П. к-да көмүртек бир же эки атому менен байланышкан –О-О- тобу болот. Алар негизинен органикалык  бирикмелер кычкылтек менен окистенишинен алынат. П. ысытканда, ультракызгылт көк нурларды таасир эткенде – О-О- байланышы үзүлүп, эркин радикалдар пайда болот. Алар тармакташкан уланма реакцияны пайда кылат. П. көпчүлүгү жарылгыч келет. Орг. пероксидди галогендөө, полимерлөө жана башка реакцияларында жана каучуктарды вулканизациялоодо, текстиль ө-нда колдонулат. Алар күйүү жана биохим. процесстерде чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]