Персеполь

Википедия дан

Персеполис – Ахеменилер державасынын борбору, б.з.ч. 518-жылы Дарий I тарабынан негизделген. Искендер Зулкарнайндын жортуулунан кийин (б.з.ч. 331-жылы) талкаланган. Бүгүнкү күндө таштан жасалган мамылары, тепкичтери, ачык дарбазалары бар көлөмдүү сарайдын орду сакталууда. Алар персиялык, мидиялык падышалардын, кудайлардын келбеттери, коңшу мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн, мифологиялык жаныбарлардын рельефтери менен кооздолгон. Ошондой эле сактардан келген 6 адамдын келбети түшүрүлгөн.

Персеполдун картадан көрүнүшү

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]