Петер Дебай

Википедия дан

Дебай Петер Йозеф Вильгельм (24.1884, Маастрихт - 2. 11. 1966, Итака, АКШ) - физик. Улуту голланд. Ахендеги Жог. тех. мектепти (1905) жана Мюнхен университетнн б 1910) бүтургөн.

Цюрихте (1911.1920). Утрехтте (1912), Гёттингенде (1914), Лейпингде (1927), Берлинде (1935) профессор. Берлиндеги Кайзер-Впльгельм физ. институтунун (1935) директору. 1940-жылдан Итакадагы Корнелл университетинин профессору. Дебай төмөнкү температурада кристалл торчонун жылуулук сыйымдуулугу абс. температуранын кубуна пропорциялаш катуу заттын модели аркылып далилдеген (1912).

Ошондой эле диэлектрик кристаллдардын жылуулук өткоргүчтуүлүк теориясын сунуш кылган. Бул моделдерде ал Дебай температурасы деген түшүпүктү киргизип, диэлектриктердия диполдук теориясын ишхеп чыккан.

Дебайдын кристалл күкүмдөрунөн жана суюктуктардан рентген нурунун интерференциясын байкоо методу (Дебай-Шеррер методу) заттардын түзүлүшүн изилдөөдө практикалык колдонуштарга ээ болду.

Дебайга катуу заттардын, атомдун теориясы, электролиттердин өткөргүчтүүлүгү ж. б. бир кыйла эмгектер таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.