Петренко, Григорий Алексеевич

Википедия дан
Петренко Григорий Алексеевич

Петренко Григорий Алексеевич (1909, Черкассы облусу, Канаев району, Черныши айылы —16.1.1941, Москва облусу, Дубосеково разъезди) — Советтик Союз Баатыры (21.07.1942[1]).

1941-ж. Жети-Өгүз райондук аскер комиссариатынан чакырылган. 1075-аткычтар полкунда (Батыш фронту, 16-армия, 316-аткычтар дивизиясы) аткыч.
1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездинде саясий жетекчи В. Г. Клочковдун башчылыгы менен душмандын танкалык чабуулуна каршы салгылашкан. Ал топтогу жоокерлер душмандын 18 танкасын жок кылган.
Бишкек шаарында «Жаш Гвардия» проспектисиндеги Баатырлардын аллеясында анын бюсту орнотулган. Немедов айылдык клубунда Баатырларга арналган музей ачылган. Эрдик кылган жерде мемориал орнотулган. Петренконун аты менен кеме аталган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 21 июля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 23 июля (№ 28 (187)). — С. 1.