Пиктографиялык (сүрөттүк) жазуу

Википедия дан

Пиктографиялык (сүрөттүк) жазуу (Латын сөзү «Pictүs» - «сүрөт»). Бул -жазуунун эң байыркы түрү. Анда кандайдыр бир кабарды, ойду билдирүү үчүн аны чагылдырган сүрөттөр тартылган. Берилген ой ошол сүрөттөрдү чечмелөө аркылуу түшүнүктүү болгон. Сүрөттүк жазуулар - пиктограммалар аска-зоонун, таштын, сөөктүн, тал-теректин боорунан, беттеринен табылган. Алсак, таш бака – кургакчылыкты, жаа жебеси - согушту билдирген. Бирок мындай жазуу тилдин түзүлүшүн толук чагылдыра алган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]