Плазма

Wikipedia дан
Плазмалык эң татаал кубулушун сүрөттөгөн плазмалык лампа. Лампанын жыркыроосу иондор менен рекомбинация болгондон кийин, электрондордун жогорку энергетикалык абалынан төмөнкү энергетикалык абалга өтүүшү менен түшүндүрүлөт. Бул шооланун өңү ошол козголуучу газга туура келүүчү спектрге жараша болот.

Плазма (plasma) – заттын бөлүкчөлөрүнүн иондошуусу көп болгон өзгөчө агрегаттык абал.

Терс жана оң заряддар бири бирин нейтралдайт. Иондошуу даражасына жараша начар иондошкон, жартылай иондошкон жана толук иондошкон плазмага бөлүнөт. Жер атмосферасынын жогорку ионосфера катмары табигый шарттагы начар иондошкон плазмага кирет. Күн, ысык жылдыздар, жылдыз аралык чөйрө өтө жогорку температурада пайда болгон толук иондошкон плазманын мисалы. Жасалма жол менен алынган газ разряддарындагы жана газ разряд лампалардагы плазмалар түрдүү даражадагы жартылай иондошкон плазма. Космос плазмасында электрондор жана оң заряддалган атом ядролору гана болбостон, кээде терс иондор да болот.

Плазма – заттын төртүнчү абалы.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов