Планшеттик компьютер

Википедия дан
Планшеттик компьютер

Планшеттик компьютер (орус. графический планшет, кийин планшетный компьютер) — мобилдик оперативдик системасы жана сенсордук экраны бар алып жүрмө персоналдык компьютери. Wi-Fi, 3G/4G кошулган жана кайсы жерде болсоңуз да интернетти пайдаланууга шарт түзүүчү өзгөчө буюм. Ошондой эле атайын офистик документтер менен иштөөгө, сүрөт тартууга багытталгандары да бар. Планшеттердин экранынын диагоналы 4 (10,16 см) дюймдан 21 (53,34 см) дюйм, салмагы 600 гр чейинкилер бар. Ал эми дүйнө жүзүндөгү Sony компаниясы тарабынан чыгарылган Xperia Tablet Z2 үлгүсүндөгү эң ичке планшеттин экраны 10,1 дюйм, туурасы 6,4 мм, салмагы 426 гр ды түзөт. Ал 3 Гбайт өлчөмдөгү маалыматты эсине тутуп, 8 мегапикселдүү камераны өзүнө камтыйт. Аталган планшеттин процессорунун жыштыгы 600 Мегагерц сандык көрсөткүчүндө болсо, mpeg4 форматындагы фильм, видеолорду көрүүгө жарайт.[1]

Сыналгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө жүзү боюнча эң жалпак аталган сыналгы LG компаниясы тарабынан чыгарылган OLED үлгүсүндөгү бул сыналгынын туурасы 2,9 мм, экраны 31 дюмду түзөт. Капталынан караганда айнек сымал көрүнгөн бул сыналгыга DVD, плеер туташтырам деп убара тартпастан USB аркылуу сыналгынын өзүнө керектүү маалыматтарды сактап же көчүрүп алып кайталап көрө берсеңиз болот. Сыналгынын учудагы дүйнөлүк базар баасы 9000 доллар.

Айпод (IPOD)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айпод (iPod) – “Apple” компаниясы тарабынан иштелип чыгарылган маалымат алып жүрүүчү медиаплеер. Эс-тутумунун кө­лө­­мү 10 гигабайттан 160 гигабайтка чейин болуп, музыка угуп гана тим болбостон, маалымат сактоочу жана алып жүрүүчү каражат катары да кеңири колдонулат. Айпод компьютерге уланат жана салмагы жеңил 200 граммга чейин дайыма жанында алып жүрүп колдонууга ыңгайлуу. Ал эми эң ичке, жалпак Айпод iPod nano 7G плееринин ичкелиги 5.4 мм, экраны 2,5 дюймду түзөт. Сенсордук баскычтуу бул музыка угуучу каражаттын каалаган өңүн 5000-6000 сомдун тегерегиндеги баага сатып алсаңыз болот.

Уюлдук телефон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Nokia N800

Ал эми эң ичке аталган уюлдук телефон 2007-жылы япониялык Samsung компаниясы тарабынан SGH-U100 үлгүсүндө чыгарылып бүткүл дүйнөгө таратылган. Телефондун туурасы болгону 5, 9 мм, салмагы 60 гр ды түзүп дүйнөдөгү эң ичке жана жалпак телефон катары рекорд коюп, Гиннесс китебине киргизилген. Бул телефон офистик программаларды, МР3-плеер жана 3 мегапикселдүү камераны өзүнө камтый алат.

Ноутбук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштеп жаткан ASUS Eee Pad Transformer. Android 3.2.1 кызматы

Буга чейин Apple MacBook Air үлгүсүндөгү ноутбуктарды эң ичке жана жеңил деп билсек эми андан да ичке эң башкысы ыңгайлуу ноутбукту Inhon компаниясы иштеп чыкты. Ал “Blade 13 Carbon” деп аталып салмагы 870 гр, ичкелиги 10,7 мм ды түзөт. Аталган ноутбук салмагы жана көлөмү менен Apple MacBook Airдан айырмаланбаса башкаруу системалары жана иштөө шарттары бирдей. Эң ичке нутбуктун баасы учурда 1000 доллардын тегерегин түзөт.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Планшет менен ноутбуктун айырмасы - жумуш үчүн эң жакшы вариантты тандоо

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]