Плоттер

Википедия дан

(Plotter-Графопостроитель). Чыгаруучу түзүлүш жана жогорку сапаттагы имараттын планын, жадыбал же чынжырлар диаграммы сыяктуу чиймелерди басып чыгарууда колдонулат. Айрым плоттерлер 40 тан 48 дүйм (100 ден 120 см.) өлчөмүндөгү документтерди басып чыгаруу үчүн иштелип чыккан. Плоттерлердин калемдүү жана электростатистик деп аталган эки түрү болот. Калемдүү плоттерлер бир же бир нече сандагы калемди документтин бетинде жылдыруу менен сү-рөттөлүштөрдү түшүрөт. Калемдүү плоттерлердин эки түрү кездешет, алар планшеттүү жана барабандуу плоттерлер. Програмдык жабдыктардын буйругу менен калемдер планшеттин бетине орнотулат жана буйруктарга ылайык бет боюнча жылып сүрөттөлүштү тартат. Көпчүлүк планшет плоттерлер түсүн жана жоондугун өзгөрткөн бир же бир нече калемден турат. Барабан плоттерлерде айланып турган барабан же цилиндр пайдаланылат, аларга калемдер орнотулат. Барабан айланганда калемдер оңго жана солго жылып, сүрөттөрдү түшүрөт. Барабан плоттердин артыкчылыгы түргөк кагазды пайдалангандыктан чийменин (графиктин) узундугу чектелбейт. Чийменин туурасы барабандын туурасы менен чектелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]