Подагра

Wikipedia дан

Подагра — организмде зат алмашуу бузулуп, муун, кемирчек, тарамыш, сөөк жана башка ткандарда сийдик кислотасынын туздары чогулгандан болгон оору.

Подагранын пайда болушуна негизинен зат алмашуунун тубаса бузулушу, ашыкча тамактануу, ичкилик, эт жана эт азыктарын көп колдонуу, коргошун менен уулануу, аз кыймыл-аракет түрткү берет.
Натыйжада белоктордун татаал бирикмелеринин акыркы продуктулары — сийдик кислотасынын туздары (ураттар) кристаллдар түрүндө дененин ар кайсы жерине чөгөт.

Көбүнчө Подагра менен 40 жаштан өткөн эркектер ооруйт. Аялдарда сейрек кездешет.

Ураттар кол - буттун майда муундарына чөгүп, алардын түзүлүшөн, функциясын бузат; ошондой эле бул туздар териде, кулак кемирчегинде, кээде ички органдарда (мисалы, бөйрөктө) да чогулат. Подагра буттун баш бармагынын муунунда көп кездешет.

Ал башталганда капысынан эч себепсиз буттун бармагынын мууну катуу ооруп, шишимик тартып, кызарат. Бир аз эле кыймылдаса ооруганы күчөп, чыйрыктырып, температура көтөрүлөт. Таң атарда муундун ооруганы басаңдайт, бирок түнкүсүн кайрадан күчөйт. Анын капысынан башталган оорусу бир нече сааттан бир нече күнгө созулуп, көп учурда өнөкөт түрүнө айланат. Оору күчөгөн учурда приступ тез-тез кармайт. Кээде анын катуу кармаганы приступсуз эле өтөт, бирок анда муундар өзгөрүлүп, функциясы бузулуп, кыймылдабай калат. Приступ кармаганда ичегилердин иштеши да бузулат.

өз убагында врачка кайрылуу жана эрте дарылоо оорунун күчөшүн токтотот. Подагранын катуу кармаган түрүндө врачтар сезгенүүгө каршы дарыларды, ооруну басаңдатуучу дарыларды, суюктукту көп ичүүнү сунуш кылат. Аны менен бирге оорулуу диетаны так колдонуусу зарыл. Белоктуу азыктарды өзгөчө эт менен балыкты аз жеп, боор, бөйрөк, мээ, чамгыр, козу кулак, буурчактын түрүн жана тамакка кошулуучу өткүр татымалдарды таптакыр жегенге болбойт. Подагранын өнөкөт түрүнө сүт азыктары, жашылча-жемиштер сунуш кылынат. Аны дарылоодо гимнастика, таза абада сейилдөө, ошондой эле ураттарды организмден чыгарууга жардам берүүчү дарыларды колдонуу жакшы натыйжа берет жана катуу приступтун алдын алат. Көп убакытка созулган өнөкөт түрүндө физиотерапия жана курорттук дарылоо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8