Поливанов, Евгений Дмитревич

Wikipedia дан
Поливанов Евгений

Поливанов Евгений Дмитревич (1891, Смоленск -1938, Ташкен) - чыгыш тилдерин изилдөөчүсү, кыргыз таануучу, адабиятчы.

Өмүр таржымалы[оңдоо]

1912-ж. Ленинград университетинин тарых-филология жана чыгыш практикалык академиясын (япон бөлүмүн) бир мезгилде бүткөн.
1917-ж-дан Тышкы иштер эл комиссариатында Чыгыш өлкөлөр бөлүмүн башкарган.
1919-26-ж. Петроград, кийин 1926-29-ж. Москва Чыгыш таануу, 1929-34-ж. Орто Азия (Ташкен), 1934-жылдан Кыргыз маданий курулуш институтунун (Бишкек) проф. П. Евразия элдеринин 20дан ашуун тилин билген.

Эмгектери[оңдоо]

Эмгектеринде негизинен кытай, япон, өзбөк, дуңган, кыргыз жана жалпы эле тил илими жөнүндөгү проблемалар изилденген. «Манас» эпосун изилдеген илимий тезистери, макалалары ошол кездеги басма сөз беттеринде жарык көргөн.
Эпостун айрым сюжеттерин орус тилине которгон.
Бишкекте (1937) камакка алынып, Москвага жөнөтүлгөн.
1938-ж-дын башында атылган, 1963-ж. акталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]