Полигамия

Википедия дан

Полигамия (грек тили polys - көп сандуу, gamos - нике) - жаныбардын көбөйүү мезгилинде бир жандыктын (айрыкча эркектери) карама каршы жыныстагы бир нече жандыктарды уруктандыруусу. Эгерде бир ургаачы көбөйүү мезгилинде бир канча эркеги менен аргындашса полиандрия деп аталат. Полиандрия омурткасыздардын (деңиз жылдыздары, раксымалдар) жана омурткалуулардын (балыктар, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр) ар кандай топтору кездешет. Суу түбүндө жашоочу балыктардын көп түрүнүн ургаачылары ыраттуулук менен бир канча эркектеринин уясына урук таштайт. Полиандрия канаттууларга ургаачысы мүнөздүү. Полиандриянын кээ бир учурда жыныс диморфизиминде морфофизиол. реверсивдүүлүк (түпкү тукумунда айкын) байкалат. Мында ургачысы эркегине салыштырганда бир кыйла чоңураак жана ачык түстө болот. Жумурткасын басып чыгаруу ургачысына мүнөздүү болсо, ал эми жумурткадан жаңы эле чыккан жөжөлөрүнө эркектери кам көрөт. Полиандрия жолу менен көбөйүүчү жаныбарларда ургаачысы үчүн атаандаштык болбойт. Эгерде бир эле көбөйүү мезгилинде эркеги бир канча ургаачысы менен аргындашса, п о л и г и н и я деп аталат. Жаратылышта полигиниянын бир канча формасы белгилүү: аймактык, гаремдик жана облигаттык. Аймактык полигинияда бир канча ургаачысы белгилүү аймакка ээ болуп, алар жашаган аймактын чегин белгилүү бир эркеги дайыма коргоп турат. Полигиниянын мындай формасы суу астында жашоочу кээ бир балыкттарга да (мис., тилапий балыгы) мүнөздүү. Ал эми канаттулар арасында колония түрүндө жашоочу канаттуларда кездешет. Алардын эркектери жөжөлөрү үчүн кам көрүүгө катышпайт же жөжөлөрүнө жем берүүдө ургаачысына жардамдашат. Аймактык полигиния канаттуларда суурларда жана жөнөкөй приматтарда кездешет. Алар уруктангандан кийин эле эркеги өзүнүн жанына ургаачыларын топтой баштайт. Көбөйүүнүн мындай формасы гаремдик полигиния деп аталат. Көпчүлүк калак буттууларда полигиниянын аймактык - гаремдик формасы байкалат. Кээ бир тоок сымалдарда жана көпчүлүк туяктууларда коргоого алынган туруктуу аймагы болбогондуктан, дайыма өз гареми менен кошо орун которуштуруп турушат. О. эле сүт эмүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү викунья, зебра, кашалот, мартышкалар, бир эркеги бир канча ургаачысы менен топ болуп атайын туруктуу орунда жашайт да, алар облигаттык полигиния деп аталат. Көпчүлүк канаттулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн полигиниялык түрлөрүндө эркеги ургаачысынан салыштырмалуу бир кыйла чоң жана ачык түскө ээ болуп, жыныстык диморфизми жакшы байкалат. Ал эми курт-кумурскаларда полигиния коомдошуп жашоочу курт-кумурскаларда байкалып, бир «үй-бүлөдө» көбөйүүгө жөндөмдүү бир канча ургаачысы болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4