Портал:География/Инсан

Википедия дан

Ал-Хорезми, Мухаммед (болжол менен 783-850-жж.) – “мусулмандык кайра жаралуу доорунда” жашаган даңазалуу борбордук азиялык математик, астроном жана географ, классикалык алгебраны негиздөөчү.

Өмүрүнүн оодук бөлүгүн Багдад халифатынын ордо шаары Багдадда (азыркы Ирактын борбору) өткөргөн. Халиф ал-Мамундун (813-833) бийликтеги жылдары ал-Хорезми Багдад шаарындагы “Даанышмандык Үйү” атыккан китепкананы жетектеген. Ошол доордо бул илимий академияга айланган жайда башка да окумуштуулар, маселен, азыркы Түркмөнстандагы Мары шаарынан чыккан Ахмед ибн Абдулла ал-Марвази (Хабаш ал-Хасиб), ошондой эле Фергана өрөөнүнөн чыккан Абу-л-Аббас Ахмед ал-Фергани иштеген. Алар менен чогуу Ибн Түрк, ал-Кинди ж.б. аалымдар илимий иликтөөлөр жүргүзгөнү маалым. 827-жылы ал-Хорезми Синжар түздүгүндө Жердин меридианынын даражасыныны (градусунун) узундугун ченөө иштерине катышкан. Багдад халифи ал-Васиктин (842-847) тушунда ал-Хорезми түндүктөгү хазарларга багытталган сапарды башкарганы айтылат. Окумуштуу ал-Хорезми тууралуу эң соңку эскерүү 847-жылга таандык. (Калганын окуу…)