Орто кылымдар

Википедия дан
Портал:Орто кылымдар‎»‎ барагынан багытталды)
Орто кылымдар.

Орто кылымдар тарыхы – бүткүл дүйнөлүк тарыхтын, бүткүл дүйнөдөгү элдердин тарыхынын бир бөлүгү. Силер бүткүл дүйнөлүк тарыхтын биринчи бөлүмүн – байыркы дүйнөнүн тарыхын үйрөнүү менен мындан миңдеген жана он миңдеген жыл мурда адамдар кандай жашаганын билесиңер.

Ал эми орто кылымдарда элдердин көбүндө кул ээлөчүлүк эмес, феодалдык түзүлүш болгон. Бул түзүлүштө негизги бири-бирине кас таптар кул ээлөчүлөр жана кулдар эмес, феодалдар жана көз каранды дыйкандар болушкан.

Силер феодалдык түзүлүш кандай пайда болгонун, анын кандайча өнүккөнүн, андан соң феодалдык мамиленин бузулганын окуп үйрөнөсүңөр. Орто кылымдардын тарыхын үйрөнүү менен феодалдык түзүлүштөгү элдердин жашоо-турмушун, көз каранды эместиктерин коргоо үчүн эзүүчүлөргө каршы согуштарын жана дүйнө элдеринин орто кылымдагы маданиятын билесиңер.

«Орто кылым» түшүнүгүнүн келип чыгышы жана аны окуп, үйрөнүүнүн мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто кылым – бүткүл дүйнөлүк тарыхтын байыркы дүйнө тарыхы менен жаңы тарых аралыгындагы мезгили. Бул түшүнүк илимге XV – XVI кылымдарда италиялык гуманист-тарыхчылар тарабынан киргизилип, XVIII кылымда калыптанган. Тарых илими орто кылымды феодализмдин пайда болуу, өнүгүү жана кыйроо доору катары карап, байыркы дүйнөнүн тарыхы менен орто кылымдардын тарыхынын чегин кул ээлөчүлүк Рим империясынын кулашы (476-жыл), ал эми орто кылым тарыхы менен жаңы тарыхтын чегин XVII кылымдагы Англиялык буржуазиялык революция деп эсептейт.

Орто кылымдардын тарыхын окуп үйрөнүү эң зор мааниге ээ. Элдин көпчүлүгү басып өткөн узакка созулган феодалдык коомдук түзүлүштүн тарыхын билбей туруп, жаңы замандын жана соңку жаңы замандын тарыхын билүүгө мүмкүн эмес. Ушул коомдун мезгилинде капиталисттик коомдун негизги таптары буржуазия жана пролетариат калыптана баштаган. Азыркы Европа элдеринин улуттарынын басымдуу көпчүлүгү ушул орто кылым мезгилинде калыптанган. Европа элдеринин революциялык-боштондук жана чиркөөнүн эзүүсүнө каршы күрөштөрү дал ушул мезгилге таандык.

Кул ээлөчүлүк коом кулап, феодалдык мамиле орнойт. Феодалдык коомдук түзүлүштүн негизги таптары болгон феодалдар жана көз каранды дыйкандар калыптанат. Феодалдык жер ээлөө жана шаарлар пайда болот. Кол өнөрчүлүк өнүгөт. Соода жайылтылат. Акча-товар мамилелери өнүгүп, капитализмдин элементтери пайда болот. Дыйкандардын көтөрүлүштөрү күч алат.

Орто кылымдардын хронологиялык чектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто кылымдардын тарыхы 3 мезгилге бөлүнөт:

1. Алгачкы феодалдык мезгил. (476-жылдан XI кылымга чейинки мезгил);

Бул мезгилде феодалдык коомдук түзүлүш калыптанып, эмгектин өндүрүштүк мамилелери түзүлгөн. Феодалдык коомдун негизги таптары:

1. Феодал

2. Көз каранды дыйкандар пайда болгон.

2. Өнүккөн феодалдык мезгил (XII – XV кылымдар аралыгындагы мезгил). Бул мезгил феодалдык мамилелердин өнүгүшү, тап күрөшүнүн курчушу менен мүнөздөлөт. Шаарлар, соода пайда болот. Шаарлар кол өнөрчүлүктүн борбору катары эсептелет. Шаарлардын пайда болушу менен тыгыз байланышта акча-товардык өндүрүш эсептелет.

3. Соңку феодалдык мезгил (XVI – XVII кылымдын биринчи жарымына чейинки мезгил). Бул мезгилде өнүккөн феодалдык мамиле бузулат. Капиталисттик коомдук түзүлүштүн элементтери пайда болот. Акча-товар мамилелери өнүгө баштайт. Дыйкандардын көтөрүлүштөрү күч алат.

Окумуштуулар орто кылымдардын тарыхын кандай булактар боюнча изилдешет?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөнүн көптөгөн музейлеринде орто кылымдардагы дыйкандар жана кол өнөрчүлөр иштетишкен эмгек куралдары, курал-жарактар тыйындар эмеректер, идиш-аяктар жана башка буюм эстеликтери сакталып турат. Бирок, орто кылымдардын тарыхы байыркы дүйнөнүн тарыхына караганда биздин мезгилге жакын. Ошондуктан анын «издери» жер үстүндө көп сакталып калган. Бирок, сакталган буюм эстеликтери адамдардын турмушу жөүндө баарын айтып бере албайт. Орто кылымдардын тарыхы боюнча окумуштуулар документтер сакталуучу жайларда – архивдерде сакталып турган көптөгөн тарыхый жазма булактарды пайдаланышат. Адамдар жерин же баалуу буюмдарын тартуулаганда, мураска калтырышканда, сатып алышкан учурларда, документтерди түзүшкөн. Бул документтер ошол доорду изилдеп үйрөнүүдө чоң роль ойнойт.

Орто кылымдардан көптөгөн тарыхый чыгармалар, хроникалар (хроникалар орус летописинин эле өзү) сакталып калган. Аларда окуялар кандай болуп өтсө, ошондой ырааттуулукта берилет. Авторлору баяндап эле тим болбостон, окуяларды топтоштурууга жана түшүндүрүүгө аракет кылган тарыхый чыгармалар да жаралган. Ошондой эле орто кылымдардан бизге чейин көркөм адабий чыгармаларлын жана окумуштуулардын эмгектеринин бир тобу келип жетти. XV кылымдын орто ченинде китеп басуу ойлонуп табылганга чейин барпдык документтер кол жазма түрүндө болгон.

Адамдардын турмушу жөнүндө искусство чыгармалары: китептердеги жана килемдердеги сүрөттөр, храмдардагы картиналар жана статуялар көп нерселерди айтып бере алат. Адамдар ырларда, жомоктордо, уламыштарда дүйнө жүзүндөгү өз түшүнүктөрүн чагылдырышкан. Ал тургай архитектуралык курулуштар да кыраакы окумуштууларга орто кылымдагы адамдын ойлору менен сезимдерин ачып беришкен.

Окумуштуулар адамдардын турмушу жөнүндөгү маалыматтарды көптөгөн булактардан чогултушат. Анан аларды салыштырышып, алар да белгилүү бир мезгилдеги турмуш канчалык туура чагылдырылгандыгын айкындашат, андан соң тыянактарды чыгарышып, тарыхтын айрым окуяларына жана бүтүндөй бир мезгилдерине түшүндүрмө беришет.

Калып:Hist-stub