Похлёбкин, Вильям Васильевич

Wikipedia дан

Вильям Васильевич Похлёбкин (орусча Ви́льям Васи́льевич Похлёбкин; 1923-жылдын 20-августу, Москва – 2000-жылдын 30-марты же 31-марты, Подольск) – советтик жана орусиялык окумуштуу, тарыхчы, скандинавист, геральдика адиси, жана кулинар (ашпоздук таануучу). Тарых илимдеринин кандидаты. Орусиянын гербинин долбоорун даярдоого да катышкан. Айрым эски орус тамактарынын рецептин калыбына келтирген. Нью-Йорк Илимдер академиясынын мүчөсү (1999).

Файл:PokhlebkinV.gif
Вильям Васильевич Похлёбкин.


Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Вильям Похлёбкин 1923-жылдын 20-августунда СССРдин борбору Москва шаарында туулган. Атасы – мурдагы революционер Василий Михайлович Михайлов болчу; анын жашыруун ысымы “Похлёбкин” болгон. Похлёбкиндин айтымында, анын чоң атасынын атасы крепосттук (жерге бекитилген) дыйкан болгон жана дурус шорпо тамак (похлёбки) жасай алгандыгы үчүн даңазалуу болгон.

Вильямдын ысымы, бир вариантта, Уильям Шекспирдин ысымы менен байланыштырылса, башка бир вариантта – В.И.Ленин жана Август Бабелдин ысымдарынын коштондусу болгон. Үй-бүлөдө аны “Август” деп да чакырышчу.

1941-жылы мектепти аяктап, Вильям ыктыяры менен Улуу Атамекендик согушка аттанат. Согуштун негизги бөлүгүндө чалгынчы катары кызмат өтөйт.

Москванын алдында салгылашууда оор жаракат алып, полк штабында кызмат кылууга өтөт. Ал ңч тилди билгендиктен, штабга өтө пайдалуу болгон. Ара-чолодо жоокерлерге тамак-аш да жасаганга жардам кылган.

1944-жылы немис тили боюнча курсту сырттан окуп, аскердик штабда иштөөнү уланта берген. Ал серб-хорват, имталиялык жана швед тилдерин да мыкты өздөштүргөн.

1945-жылдын январь айында ал Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) эл аралык мамилелер факультетине (кийинчерээк МГИМО болгон) тапшырат.

Марксизм-ленинизм сабагы боюнча мамлекеттик сынакта ал өзүнүн жападан-жалгыз “төрт” деген баасын алат (калгандары бүт “беш” болгон). Ошондуктан артыкчылыктуу диплом ала албай калган.

1952-жылы ал кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Тарых илимдерини н кандидаты наамын алган соң, СССР ИАсынын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган.

Оболу ал Югославия боюнча адистешкен. Хорватия тарыхы боюнча ири эмгек жазган.

1955-61-жылдары ал өзү негиздеген “Скандинавия жыйнагы” (“Скандинавский сборник”) деген журналды жетектеп турган. Журнал Тарту шаарында чыгып турган.

Похлёбкин СССР ИАсынын Тарых институтундагы жалкоолорду сынга алган соң, жумушунда куугунтуктала баштаган. Институттун окумуштуу кеңеши анын доктордук диссертациясынын темасын бекитпей койгондо, ал институттан кетип калган.

Бирок ал эл аралык чөйрөдө ар кыл мамлекеттердин окумуштуулары менен өз алдынча кызматташып, эмгектерин жазуусун токтоткон эмес.

Анын Финляндия менен Норвегиянын тарыхы боюнча эмгектери кыйла талкуу жараткан.

1970-жылдардын башында ага «Урхо Калева Кекконен» монографиясы үчүн Финляндия тарабынан 50 миң доллардык сыйлык ыйгарылганда, совет бийлиги аны Финляндияга жибербей койгон. Акчалай сыйлык совет өкмөтүнүн эсебине өткөрүлгөн. Бул китепти Кекконендин өзү жылуу кабыл алган.

Өзү ар кыл архивден жана китепканалардан материал алуу укугунан ажыраган соң, Похлёбкин жаңы темага – азык, тамак-аш дүйнөсүн иликтөөгө кайрылган.

1964-66-жылдары ал төрт ай бою жалаң кара нан жана кара чай, көк чайга “отурган”. 1968-жылы болсо анын айтылуу “Чай” деген китеби жарык көргөн. Ага сырттан (Кытай, Улуу Британия, ГДР, Камбоджа, Тайланд, Индонезия, Вьетнам ж.б.) достору жана санаалаштары жиберген кургак чай да китепти жазууга огожо болгон. Бул китеп популярдуу болгонун автор 1993-жылы гана билген.

Ал “Неделя” гезитинде тамак-аш тууралуу атайын рубрика алып барган. Тамак-ашты ал тек гана карын тойгузуу аргасы эмес, “улуттук рухтун калыбына келтирилишинин маселеси” деп караган.

1980-жылдары анын “Соя буурчагы” деген макаласынын 2-бөлүгү жарык көргөн эмес. Мында ал кытай дыйкандарын мактоого алган, бирок советтик цензорлор макалада совет эли жалкоо катары сыпатталган деп авторго жаалын чыгарышкан.

1978-жылдан тартып Польша менен СССР арактын автордугу боюнча бир нече жылдык талаш-тартышка түшөт. 1981-жылы “водка” сөзү брэнд-аталыш катары СССРге бекитилет.

Похлёбкиндин 1991-жылы жарык көргөн “Арак тарыхы” (“История водки”) деген эмгеги аракты алгач өндүргөн эл орустар болгонун андан ары тастыктоого илимий кыртыш болгон. Похлёбкиндин оюнча, 1448-1478-жылдарга чейин эле орустар арак өндүрө башташкан. Польшада болсо арак андан бир кылымдан кийин өндүрүлө баштаган, деген Похлёбкин.

Тарыхчы жана азык таануучу Похлёбкин 2000-жылдын 30-мартында же 31-мартында Москва облусуна караштуу Подольск шаарындагы Октябрь проспектинде жайгашкан панелден курулган көп кабаттуу үйдөгү батиринин оозунан белгисиз бирөө тарабынан өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 13-апрелде гана табылган. 15-апрелде анын сөөгү Москва облусундагы Голованск көрүстөнүндө жерге берилген.

Аны өлтүргөн кишинин дайыны эч табылбаган соң, анын өлүмү менен байланыштуу козголгон кылмыш иши 2001-жылдын 22-октябрында токтотулган.


Жекече турмушу[оңдоо]

Похлёбкин Тарту университетинде иштеп жүрүп бир эстон айым менен таанышат. Андан Гудрун деген ысымдуу бала көрөт (Гудрун - байыркы скандинавдардын киши аты). Гудрун кийинчерээк антрополог болду.

1971-жылы Похлёбкин Евдокья Бурьева деген айымга жолугуп, ана үйлөнөт. Андан 1975-жылы Август деген уулдуу болду. Бирок эки жылдан соң Евдокья күйөөсү менен ажырашып кетет.

Похлёбкиндин эки уулу тең чет өлкөгө көчүп кетишкен.


Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо]

  • 1986. Урхо Кекконен медалы.
  • 1993. – Ланге Черетто сыйлыгы.
  • 1999. – Гуго Гроций сыйлыгы


Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо]

Похлёбкин 40тай китеп, 600дөй макала жазган.

Похлёбкиндин бир катар илимий жана популярдуу эмгектери орус тилинен англис, немис, португал, голланд, латыш, молдован, норвег, швед, финн, даниялык, эстон, поляк, хорват, мажар, ханзу тилдерине которулган.

  • Похлёбкин В. В. История водки. – М.: Центрполиграф, 2005. - ISBN 5-9524-1895-3. (Оболу 1991-жылы жарыяланган).
  • Похлёбкин В. В. «Тайны хорошей кухни», 1979.
  • Похлёбкин В. В. Ленин кантип тамактанган? (Орусча). Что ел Ленин
  • Библиография произведений В. В. Похлебкина и отзывов на них в отечественной и зарубежной прессе 1948—1999 гг. — В 2 ч. — М., 1999.
  • William Pokhlebkin (translated by Renfrey Clarke). A History of Vodka, Verso Books (hardcover, December, 1992, - ISBN 0-86091-359-7.
  • Чай и водка в истории России, 1995.
  • Национальные кухни наших народов. — изд-во Легкая и пищевая промышленность, 1978.
  • Чай, 1968.
  • Кухни славянских народов.
  • Чай: Его типы, свойства, употребление. — М.: Центрполиграф, 2001
  • Большая энциклопедия кулинарного искусства, М.: Центрполиграф, 2003, ISBN 5-227-01728-X, ISBN 5-9524-0274-7.
  • Занимательная кулинария. Советы и рекомендации всемирно известного кулинара, 2003.
  • Тайны хорошей кухни. Советы и рекомендации всемирно известного кулинара, 2004.
  • Большая энциклопедия кулинарного искусства. Все рецепты В. В. Похлебкина, 2004.
  • Специи и приправы, 2005.
  • Кухни закавказских и среднеазиатских народов, 2005.
  • Книга о вкусной и здоровой пище.
  • Моя кухня, 2005.
  • Мое меню, 2005.
  • Татары и Русь. 360 лет отношений Руси с татарскими государствами в XIII—XVI вв., 1238—1598 гг. (От битвы на реке Сить до покорения Сибири), 1985.
  • Международная символика и эмблематика, 1989.
  • Внешняя политика Руси, России, СССР за 1000 лет в именах, датах и фактах, 1992.
    • Выпуск I. Внешнеполитические ведомства и их руководители.
    • Выпуск II. Войны и мирные договоры.
      • Книга 1. Европа и Америка в IX—XIX вв.
      • Книга 2. Страны Азии в XIII—XX вв.
      • Книга 3. Европа в первой половине XX в.
  • Государственный строй Исландии.
  • Великий псевдоним (об Иосифе Сталине).
  • Войны и мирные договора, 1995
  • Viljam Pohljobkin, Urho Kaleva Kekkonen, 1988, ISBN 5-450-00049-9.
  • Столицы России, 1997.
  • СССР — Финляндия: 260 лет отношений 1713—1973 гг.
  • Ю. К. Паасикиви и Советский Союз.
  • Финляндия как враг и как друг.
  • Великая война и не состоявшийся мир, 1997.
  • Словарь международной символики и эмблематики, 2005.




Ал тууралуу адабият[оңдоо]

  • Васильев Ю. Этот удивительный Похлёбкин // Патриот, № 19. — Май 1997
  • Фохт Н. Одно слово — Похлёбкин // Персона. — 1998. — № 7. — С. 35—39
  • Родионов, Борис. Правда и ложь о русской водке. Анти-Похлебкин. - Издательство: ООО "Издательство АСТ", 2011. - ISBN: 5-17-075651-8 978-5-17-075651-3. 320 стр.
  • Идеология еды по Похлебкину // «Знание — сила». — 2004. — № 10. — С. 29—30.



Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]