Пржевальский, Николай Михайлович
Пржевальский Николай Михайлович (1839-1888) 1839-жылы Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган.
Ал орус элинин улуу географы, Борбордук Азияны изилдөөчү, генерал-майор, Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү.
[оңдоо] Саякаттары
1867-1869-жылдары Уссури аймагына,
1870-1885-жылдары Борбордук Азияга 4 жолу саякат жасаган.
[оңдоо] Изилдөөлөрү, эмгектери
Борбордук Азиядагы негизги кырка тоолордун-Орус, Москва, Пржевальский, Алтын-Тоо орун алуу багытын аныктап, Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиялык маалыматтарды чогулткан.
1885-жылы Тибетке жасаган экинчи саякатынан Кыргызстандын аймагы аркылуу кайткан.
1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып,жолдо келте оорусунун айынан каза болгон.
Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган.
1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.
[оңдоо] Колдонулган адабияттар
Урустанбеков Б.У.,Чороев Т.К.Кыргыз тарыхы кыскача энциклопедиялык сөздүк.Ф.,1990.