Проза

Википедия дан
Проза (кара сөз)‎»‎ барагынан багытталды)

Про́за (Латынча: prosa) — эркин кара сөз түрүндөгү чыгармалар. Прозага роман, повесть, аңгеме, очерк жанрлары мүнөздүү, алар кара сөз менен жазылып, сөзсүз көркөмдүүлүккө ээ болушу зарыл. Поэзия менен салыштыра турган болсок, поэзияга көбүнчө лирикалуулук жана эмоциялуулук тиешелүү болсо, прозага көбүнчө эпикалуулук мүнөздүү. Кыргыз элдик оозеки адабиятында прозалык чыгармалардын үлгүлөрү (элдик жөө жомоктор, санжыралар, уламыштар, легендалар) – поэзияга караганда анчалык өнүкпөгөн болсо да, жашап келген. Жазма адабияттын пайда болушу менен кыргыз прозасы өстү, өнүктү, орус жана чет элдер, боордош улуттардын адабияттарынын таасири астында прозанын жаңы көрүнүштөрү пайда болду, мүмкүнчүлүктөрү алда канча кеңейди, жалпы адабиятыбызда омоктуу орундары бар мыкты чыгармалар жазылды. 1925-1929- жылдары адабий прозанын көпчүлүк жанрлары (түрлөрү) жарала баштады .Алар эң эле оболу эле билим берүү зарылчылыгынан , саясий үгүт-насыят жүргүзүү муктаждыгынан улам пайда болду. Маселең, мекткптер үчүн жаңыдан жазылчуу окуу китептерине майда аңгемелер , дагы башка адабиятташтырылан материалдар керек эле. Бирок , кыргыз жазма тилинде тексттер али жок эле . Ушундан улам эне тил жана адабият боюнча окуулуктары жазгандар чакан көлөмдүү прозалык баяндары өздөгу жазууга аргасыз болду .Натыйжада ошол жылдары жарык көргөн “Чоңдор үчүн алипе”,”Жазуу жолундагы саамалык”,”Жанылык “,”Биздин тил”,”Жаңы айыл”деген окуу китептерде майда көркөм аңгемелер жарыяланды. Ал аңгемелерге жөнөкөй турмуштук окуялар кабыл алууга жеңил тил менен баяндалып берилген эле. Ошол жылдары мектеп окуучулары көмөкчү окуулуктар иретинде пайдалансын деген максатта чакан прозалык чыгармалар өзүнчө жука китепчелер түрүндө чыгып турган. Алардын басымдуу көпчүлүгү башка тилдерден которулган чыгармалар болгон . Бирок ошол серияда бир катар оригиналдуу кара сөз туундулары да жарык көрөгөн. Алардын арасында К.Баялиновдун “Түлкүү менен суур”,”Чабалекей менен жылан”(1927-1929,1929) бар. Кара сөз менен жазылган адабий материалдарга “Жаңы маданият жолунда “ журналынан да кеңири орун берилген .Маселен,1928-жылдын май айынын 1929- жылдан октябрына чейин журналына он саны жарык көрүп , тогузунда баш аягы 15 прозалык чыгарма басылган .Алардын арасында ,Узакбай Абдукаимовдун “Бакыт жолунда”,Аалы Токомбаевдин “Мундуулар өлүмү”,Мукамбет Дөгдүровдүн “Жамангүл”, Касымалы Жантөшевдин “Эки жетим” деген аңгемелер бар. Ал эми тематика жагынан талдай келгенде , прозалык чыгармалардын бир даарында Октябрь революциясына чейинки кыргыз турмушунан кеңкесири орун алган социалдык адилетсиздик , таптык эзүү, салт-санаанын терс көрүнүштөрү сыяктуу темалар козголонун байкайбыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ар кыл кырдаалдары бүткүл совет адабиятынын тематикасында ,жанрдык өзгөчөлүктөрүнө чечкиндүү бурулуш жасады. Бул мезгилдеги Кыргыз совет прозасыынын өсүш процесси өзүнүн бөтөнчөлүкөтрүнө ,касиеттерине ээ. Согуштун өзгөчө шарттары , баарынан мурда “опиративдүү”,иикемдүү деп аталган аңгеме жана очерк жанрынан тез эле активдешине негиз түздү.бир кыйла аңгемелер ,очерктер фронттун жана тылдын күжүрмөн каармандарына арналды .Мына ошондуктан кыргыз жазуучулары турмуш менен учурдан өткөм талабына жооп катары согуштун реалдуу кыргыз баатырлары жөнүндө аңгеме, очерктерин жазышты.Натыйжада “Кыргыздын атактуу балдары “деген ат менен К.Маликовдун “Жайылманын талаасынын”,С.Сасыкбаевдин “Нурлан”,А.Токомбаевдин “Ашырбай”,К.Жантөшевдин “Чолпонбай деген аңгемелери жарыяланды . Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каармандарга арналган чыгармалардын ичинен К.Жантөшевдин “Чолпонбай” аттуу аңгемеси айырмаланып турат .Бул аңгемеде турмушта реалдуу жашаган адамдын өмүр тагдырын элестүү сүрөттөөгө аракет кылынган. Согуш жылдарында көркөм аңгеме жанрын өнүктүрүүгө да олутту аракет жасалган. Бул мисал катарында М.Элебаевдин “Алыскы тоодон”(1942), “Соңку бир күнү”(1942),Ж.Турусбековдун “Таза жүрөкөр соккондо”деген аңгемелерин атоого болот. Т.сыдыкбеков бул мезгилде “Согуш күндөрундө”деп аталган аңгемелердин жана очерктердин жыйнагын жарыялады.