Прокурор

Википедия дан

Прокурор (тактоочу) – КР мыйзамдары боюнча, юридикалык жогорку билими бар, прокуратура органдарында иштөөдө зарыл болуучу кесиптик жана адеп-актык сапаттарга ээ, денсоолугунун абалы боюнча жарактуу адам. КР Башкы П., обулустун, шаардын, райондун П., аскер П., транспорт П. айырмаланышат. Башкы П. кызматына 40тан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес, 15 жылдык иш тажырыйбасы бар адам дайындалат. Башкы П-дун орун басарларынын, облусттардын П-лорунун, Бишкек шаарынын П-унун, ошондой эле аскер П-унун кызматына 35 жаштан жаш эмес, 60 жаштан улуу эмес, 10 жылдан кем эмес иш тажырыйбасы бар, ал эми шаарлардын, райондордун жана аларга теңештирилген П-лордун кызматына 30 жаштан жаш эмес, 5 жылдан кем эмес иш тажырыйбасы бар адамдар дайындалат. П-дун ыйгарым укуктары жазык-процесстик, жарандык-процесстик жана башка мыйзамдарда белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]