Профессионализм (адабият)

Wikipedia дан

Профессионализм кесиптик лексика – көпчүлүк эл үчүн анчалык түшүнүксүз, бул же тигил кесиптин ээлерине гана таандык болгон сөздөр. Көркөм адабиятта алар каармандардын кесибин, алардын профессионалдык деңгээлин ачып берүү үчүн колдонулат. Мисалы, “Станокто турган далдайган холстун бетиндеги көмүр менен тартылган наброскасын далайга чейин тиктеп, аны тартып жибергиси келди, кыжырланган бойдон эшикке чыгып, көчөнүн ортосуна барып кара көк тарткан кирсиз асманды, ай нуруна бөлөнүп заңкайган ак чач кербез тоолорду карап, табигаттын эбегейсиз сырдуу күчүнө, сулуулугуна таңыркагандай болду”.
(А. Токомбаев)

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004