Психологизм

Википедия дан

Психологизм – адабият менен искусствонун негизги предмети болгон адамды, анын турмуштагы, жашоодогу жүрүш-турушун, татаал кулк-мүнөзүн адабиятта көрсөтүү. негизги эстетикалык принцип болуу менен Н. Г. Чернышевский айткандай, адабиятта “ар түрдүү багытта көрүнөт:

  • бирде мүнөздөрдү, кылык-жоруктарды сүрөттөөдө көрүнсө,
  • экинчисинде коомдук мамилелердин жана турмуштук кагылыштардын мүнөздөргө тигил же бул даражада тийгизген таасиринде,
  • үчүнчүсүндө сезим менен аракеттердин байланышында,
  • төртүн-чүсүндө кумарданууларды анализдөөдө көрүнөт”.

Биздин адабиятта каармандардын ички дүйнөсүндөгү психологизмди ачып берүүнүн эки түрдүү принциби колдонулат.

  • 1)Динамикалык принцип: мында каармандын иш-аракети, жүрүш-турушу автордук сүрөттөөлөрдө берилет;
  • 2)Аналитикалык принцип: мүнөздүн психологиялык өсүп-өөрчүшү окурмандардын, көрүүчүлөрдүн көз алдында көрсөтүлөт. Мында каармандардын ички, тышкы монологдорунда, диалогдорунда көрүнөт, каарман өзү өз психологиясын ачып берет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004