Психотерапия

Википедия дан

Психотерапия (психо... жана терапия) – оорулуунун аң-сезимин дарылоого жана жүрүм-турумун ондоого багытталган психикалык таасир этүү системасы. Психотерапиянын максаты – оорулуу абалды жоюу, оорулуунун өзүнө, өзүнүн абалына жана айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин өзгөртүү. Оорулуу адамдын психикасына таасир этүү мүмкүн экендиги илгертен эле белгилүү. Психотерапия медициналык психологиянын, жогорку нерв ишинин физиологиясынын, эксперименттик изилдөө методдоруна негизделген. Психотерапиянын жалпы жана жеке дарылоо түрү бар. Жалпы түрүндө врач дарылоо мезгилинде оорулууга дайыма психикалык оң же терс таасир тийгизет. Оорулуу адамдын ооруга каршы күч-кубатын чыңоо, врачтын оорулуу адамга кылдат мамилеси, ооруканадагы психологиялык климатты жакшыртуу ж. б. чоң мааниге ээ. Психотерапияда түшүндүрүү, ишендирүү иштери негизги каражат болуп саналат. Медициналык кызматкерлердин жүрүм-туруму, мүнөзү, сөзү, үн чыгаруусу, мимикасы ж. б. кыймыл-аракеттери анын сөзү менен тең катар эле маанилүү. Оорулуу менен жакшы эмоциялык байланыш түзүлмөйүнчө психотерапия эч пайда бербейт. Медициналык кызматкерлердин оорулууга көңүл буруусу, мээримдүүлүгү, аны уга билүүсү ж. б. өтө зарыл. Психотерапиянын жеке түрүндө гипноз убагында жана аң-сезимдүү абалда дарылайт. Мында врач оорулуунун аң-сезимине жана логикасына түшүндүрүү жана ишендирүү менен таасир этет. Психотерапия көбүнчө невроз, психопатия, ошондой эле кээ бир психикалык ооруларды (шизофрения, эпилепсия ж. б.) дарылоодо сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]