Пульпит

Wikipedia дан
Пульпа.jpg

Пульпиттиш көңдөйүн толтуруп туруучу ткандын (пульпанын) сезгениши; көбүнчө тиштин чиришинде (кариес) микробдун пайда болушунан болот.

Пайда болуу себептери[оңдоо]

Андан тышкары түрдүү кырсыктар — тиштин сынышы, тишти азыктандыруучу кан тамырлардын жабыркашы жана башкалар себеп болот. Пульпит демейде катуу ооруп башталат. Көбүнчө кечинде жана түнкүсүн какшатып ооруп, желкеге, кулакка, чыкыйга, коңшу тиштерге берилет. Пульпанын сезгенишинен тиштин катуу тканы шишип, андагы нервдерди кыскандыктан чыдатпай катуу ооруйт. Сезгенүүнүн кесепетинен пульпа жансызданып, оору басаңдайт. Эгер аны дарылабаса белгилүү убакыттан кийин микробдор пульпадан канал аркылуу чыгып, тиштин айланасындагы ткандарды сезгентип, периодонтит пайда болот.

Дарылоо[оңдоо]

Дарылоону врач-стоматолог жүргүзөт. Сезгенген пульпаны алып, тиш көңдөйүн тазалап, пломба коёт. Кээде сезгенген пульпаны жансыздандыруу үчүн мышьяк пастасы коюлат. Аны врач белгилеген мөөнөттөн ашык кармоого болбойт. Ошондуктан врачтын көрсөткөн убактысында келип, андан ары дарылатуу зарыл. Эгер тиш түнкүсүн же жолдо катуу ооруп башталып, врачка ошол замат кайрылууга мүмкүн болбогон учурда анальгин ичип же амидопириндин 2%түү жылуу эритмесин чириген тиштен тешигине тамызуу сунуш кылынат. Бул чаралар убактылуу гана жардам берет. Ошондуктан оору басаңдаса деле врачка тез кайрылуу керек.

Алдын алуу[оңдоо]

Пульпиттин алдын алууда чириген тишти өз убагында дарылоо зарыл. Ал үчүн жылына экиден кем эмес стоматолог врачка кайрылып, тиштерди текшертип туруу максатка ылайык.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8