Пустынников Николай Алексеевич

Википедия дан

НИКОЛАЙ АЛЕКСЕЕВИЧ ПУСТЫННИКОВ - акын, жазуучу, котормочу, журналист.
Пустынников Николай Алексеевич Пермь облусундагы Прохоры айылында 1944-жылы туулган.
Пермь согуштук-механикалык техникумун бүтүрүп, үч жыл Читада, Пермде, Павлодарда слесарь, технолог, мастер болуп иштеген.
1965-жылдан баштап он үч жыл ар түрдүү гезиттердин штаттагы кызматкери болгон.
Биринчи ыры 1965-жылы «Звезда Прииртышья» гезитине басылып чыккан.
1968-жылдан Орто Азияда жашап, 1970-жылдан Кыргызстанда Кадамжай сурьма комбинатындагы көп нускалуу «Металлург» гезитинде редактор болуп иштеген.
1978-жылы M.Горький атындагы Адабият институтун сырттан окуп бүтүргөн.
1978-жылдан «Кыргызстан» басмасында улук редактор, «Адабият» басмасында башкы редактордун орунбасары, «Акыл» мамлекеттик концернде орус тилиндеги китептер боюнча жетектөөчү адис, «Литературная Евразияда» Кыргызстан боюнча өз кабарчы болуп иштеп келген.
Н.А.Пустынниковдун ырлары «Звезда Востока», «Литературный Киргизстан» журналдарында жарыяланып турган. 1980-жылы биринчи ырлар жыйнагын басып чыгарган. Ал которгон А.Осмоновдун, Т.Байзаковдун, Р.Рыскуловдун ж.б. ырлары Фрунзеде, Москвада, Ленинградда басылып чыккан 30дан ашык китептерде жарык көргөн.
1967-жылдан СССР Журналистер союзунун, 1991-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Ha гаревах цветы: Стихи.  Ф.: Кыргызстан, 1980.  68 с.

Перевал. Молодая поэзия Киргизстана /Сост. А.Джакшылыков и Б.Сарыгулов/  Ф.: Кыргызстан, 1980.  168 с. (Р.Горбачева, А.Зайцев, С.Луговая, А.Никитенко, Н.Пустынников и др.)

He про тебя ли это?: Рассказы.  Ф.: Мектеп, 1982.  60 с.

Отзвук: Стихотворения и поэма.  Ф.: Kыргызстан, 1988.  104 с.

Двое из трудного времени: Повесть.  Ф.: ”Литературный Киргизстан”, 1989.

От истока до устья: Повести  Б.: Адабият, 1992.  264 с.

КОТОРМОЛОРУ

Акимкожоев М. Тайна пера: Стихотворения и поэма /Пер. с кирг. В.Шленского, М.Ронкина, Н.Пустынникова.  Ф.: Кыргызстан, 1984.  45 с.

Байзаков Т. Осень и любовь: Стихи, поэма /Пер.с кирг. Ю.Смышляева, Л.Аксельруда. М.Ватанина, Н.Пустынникова, С. Золотцева. А. Бережного.  Ф.: Адабият, 1990.  123 с.

Бекниязов Ж. Зимний лес: Стихи /Пер.с кирг. Ю.Кушака, А.Никитенко, В.Семенова, Н.Пустынникова.  Ф.: Кыргызстан, 1985.  76 с.

Курбанов М., Закирова Т., Шисыр И. Щедрая душа: Стихи /Пер.с кирг. Ю.Смышляева, Г.Золотцева, А.Никитенко, Н.Пустынникова, X.Муслимова.  Ф.: Адабият, 1990.  125 с.

Осмонов А. Дети и журавли: Стихи для детей дошкол. возраста /Пер.с кирг. Н.Пустынникова.  Ф.: Мектеп, 1981.  11 с.

Урмамбетов С. К родимым берегам: Стихи, поэмы /Пер.с кирг. А.Бережного, Н.Пустынникова, М.Ронкина, В.Шаповалова.  Ф.: Адабият, 1990.  144 с.