Пьер Абеляр

Wikipedia дан
Пьер Абеляр

Өмүр баяны[оңдоо]

Пьер Абеляр (1079-1142) - орто кылым философиясынын гүлдөп турган мезгилиндеги эң көрүнүктүү өкүлү. Абеляр философиянын тарыхында көз караштары боюнча гана белгилүү болбостон, өзүнүн өмүрү менен да белгилүү, бул жөнүндө анын «Менин бактысыздыгымдын тарыхы» деген автобиографиялык чыгармасында баяндалат: Ал жаш чагынан тартып эле өзүнүн билимге болгон кызыгуусун сезип, өз туугандарынын пайдасына мурастан баш тартат. Ар түрдүү мектептерден билим алат, андан кийин Парижде жашап, дарс окуп, сабак берет. Ал бүткүл Европада чебер диалектик катарында атакка ээ болот. Абелярдын, ошондой эле, өзүнүн таланттуу окуучусу Элоизага болгон сүйүүсү менен да атагы чыгат. Алар үйлөнүшүп, бир уулдуу болушат. Бирок Элоизанын агасы алардын мамилесине кийлигишип, анын көрсөтмөсү боюнча Абеляр мазакталгандан кийин (ал бычылып ташталат) Элоиза монастырга кетет. Абеляр менен анын аялынын ортосундагы мамиле алардын жазышкан каттарынан белгилүү.

Чыгармалары[оңдоо]

Абелярдын негизги чыгармалары: «Бар жана жок», «Өзүңдү өзүң аңдап бил», «Философтун, иудейдин жана христиандын ортосуңдагы субхат», «Христиан теологиясы» ж.б. Ал Платондун, Аристотелдин, Цицерондун чыгармалары, антик маданиятынын башка да эстеликтери менен тааныштыгы бар кеңири билимдүү адам болгон.

"Бар жана жок" чыгармасы[оңдоо]

Абелярдын чыгармачылыгындагы башкы проблема-диний ишеним менен акыл-эстин өз ара катышы, бул бүткүл схоластикалык философия үчүн да негизги проблема болгон. Абеляр сокур ишенимге караганда акыл-эске, билимге артыкчылык берген, ошондуктан диний ишеним акыл-эстүү негизге ээ болууга тийиш. Абеляр ар кандай айла-амалдарды ашкерелей ала турган схоластикалык логиканын, диалектиканын кызуу талапкери жана жактоочусу, диалектиканын софистикадан айырмасы мына ушунда. Абелярдын пикири боюнча биз өз билимдерибизди диалектиканын жардамы аркылуу өркүндөтө отуруп, диний ишенимибизде да өркүндөй алабыз. Абеляр диний ишенимди туюп-сезүү аркылуу аңдап билүүгө болбой турган, илимдер аркылуу аңдалып-билине турган жаратылыш көрүнүштөрүнөн тышкары турган нерселер жөнүндөгү «ой жоруу» катарында аныктайт.
«Бар жана жок» деген чыгармасында Абеляр Библиядан жана «чиркөөнүн аталарынын» чыгармаларынан үзүндүлөрдү келтирүү менен алардын көз караштарын талдап, бул айтылгандардын карама-каршылыгын көрсөтөт. Бул талдоонун натыйжасында чиркөөнүн, христиан диний окуусунун кээ бир догматтары жөнүндө күмөндүүлүк пайда болот. Экинчи жагынан, Абеляр христианчылыктын негизги жоболорунан шек санаган эмес, тек гана аларды акыл-эске салып өздөштүрүүгө чакырган. Ыйык китепти түшүнбөгөн адам музыкага түшүнбөй туруп, лирадан сыбызгы үндү угууга аракеттенген эшекке окшош деп жазган ал.

Абелярдын пикири[оңдоо]

- боюнча диалектика-авторитеттердин айткандарын шектенүү менен кароодон, философтордун өз алдынчалыгынан жана теологияга сын көз менен мамиле жасоодон турат.
Абелярдын көз караштары Суассон соборунда (1121) чиркөө тарабынан айыпталып, анын өкүмү боюнча өзүнүн «Кудайдын бирдиктүүлүгү жана үчилтик» деген китебин өзү отко ыргытат (Бул китепте ал бир гана Ата-Кудай бар, ал эми Кудай-уул жана Кудай Ыйык дух бар болгону анын күч кубаттуулугунун көрүнүшү гана деп далилдеген).

"Диалектика" чыгармасы[оңдоо]

«Диалектика» деген чыгармасында Абеляр универсалий боюнча өз көз карашын баяндайт. Ал ашкере реалисттик жана ашкере номиналисттик позицияларды элдештирүүгө аракеттенет. Ашкере номинализмди Абелярдын устаты Росцелин, ал эми ашкере реализмди Абелярдын дагы бир устаты Шамполук Гильом тутушкан. Росцелин айрым жеке нерселер гана бар, ал эми жалпы дегенибиз дегеле жок нерсе, бул бар болгону ошол жеке нерселердин аталышы гана деп эсептеген. Шамполук Гильом болсо мунун тескерисинче, жалпылык нерселерде өзгөрүлбөс маңыз катарында жашайт, ал эми айрым жеке нерселер бирдиктүү жалпы маңызга индивидуалдуу ар түрдүүлүктөрдү гана берип турат дейт.
Абеляр адам өзүнүн туюмдук тааным процессинде тигил же бул маани-маңызга ээ болгон сөздөр аркылуу билдирилүүчү жалпы түшүнүктөрдү иштеп чыгат деп эсептеген. Универсалийлер нерселердин көптөгөн предметтер үчүн жалпы болгон касиеттерин акыл-ойдо абстракциялоо аркылуу сезимдик тажрыйбанын негизинде түзүлөт. Абстракциялоонун бул процессинин натыйжасында адамдын акыл-эсинде гана жашай турган универсалийлер пайда болот. Ашкере номинализм менен ашкере реализмди жеңе ала турган мындай позиция кийинчерээк концептуализм деп аталып калат. Абеляр ошол мезгилде жашап турган билимге карата схоластикалык ой жүгүртүүчүлүккө жана идеалисттик спекуляцияларга каршы чыккан.

«Философтун, иудейдин жана христиандын ортосундагы субхат»[оңдоо]

- деген чыгармасында Абеляр башка динге жол коюу идеясын үгүттөйт. Ал ар бир динде акыйкаттын даны бар, ошондуктан христианчылык бирден бир чыныгы дин деп эсептелбеш керек экендигин далилдейт. Философия гана акыйкатка жете алат: философияны ар кыл ыйык авторитеттерден эркин болгон табигый мыйзам багыттап турат. Адеп-актыкты таанып-билүү табигый мыйзамды жолдоодо турат. Бул табигый мыйзамдан башка да адамдар ар түрдүү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алышат, бирок алар бар болгону бардык адамдар жетекчиликке ала турган табигый мыйзамга-ыйманга зарылчылыгы жок кошумчалар гана. Абелярдын этикалык көз караштары «Өзүңдү өзүң аңдап бил» жана «Философтун, иудейдин жана христиандын ортосундагы субхато деген эки чыгармасында баяндалат. Ал көз караштар анын теологиясына терең багыныңкы болуп турат. Абелярдын этикалык концепциясынын негизги принциби — адамдын өзүнүн жакшы жана ошондой эле күнөөлүү жорук-жосундары үчүн моралдык жактан толук жоопкер экендигин далилдөө. Мындай көз караш — гносеология жагындагы абелярдык позициянын уландысы, адамдын таанып-билүүдөгү субьективдүү ролун баса көрсөтүү болуп саналат. Адамдын иш-аракети анын ниет-максаты менен аныкталат. Өзү менен өзү болгондо бир да кылык-жорук жакшы же жаман болуп саналбайт. Бардыгы ниет-максатка байланыштуу болот. Адамдын ынанымына карама-каршы келген кылык-жорук — күнөөлүү кылык-жорук.
Өзүнүн ушул ынанымына ылайык Абеляр Христосту куугунтуктаган бутпарастар эч кандай күнөөлүү иш жасашкан эмес, анткени бул куугунтуктоо аракети алардын ынанымына карама-каршы келген эмес. Христианчылыктын тарапкерлери болушпаса да, бирок өзүлөрүнүн бийик моралдык принциптерине ылайык аракеттенишкен антик философтору да күнөөлүү эмес болушкан.
Абеляр Христостун күнөөдөн арылтуучу миссиясы жөнүндөгү ырастоодон күмөн санаган, ал миссия анын адамзат тукумунун мойнунан Адам менен Еванын күнөөсүн алып таштагандыгында эмес, бүткүл адамзат жолдоого тийиш болгон бийик моралдын үлгүсү болгонунда эле. Абеляр адамзат Адам менен Евадан күнөө жасоого жөндөмдүүлүктү эмес, ошол күнөөнү моюнга алуу жөндөмдүүлүгүн мураска алган деп эсептеген. Абелярдын пикири боюнча Кудайдын ырайымы адамга жакшылык иштерди ишке ашыруу үчүн эмес, алардын ишке ашырылгандыгы үчүн берилген сыйлык катарында керек. Мына ушулардын баары ошол кезде жайылган диний догматтарга карама-каршы келген жана Санск собору (1140) тарабынан ересь катарында айыпталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8