Рават Абдуллахан, мечит

Википедия дан
Рават Абдуллахан мечити.

Рават Абдуллахан мечити (XV-XVI кк.). Убагында Орто Азиядан мусулмандар келип «жума» намазын жамаат менен окуп кетип турушкан мечит. “Бул мечитти зыярат кылып, намаз окуса башка жерде окуган намаздан сообу чоң”- деп эсептелет. Сулайман-Тоонун алдындагы бул мечитти XVI кылымдын экинчи жарымында Абдуллахандын курдургандыгы жөнүндө төмөнкүдөй уламыштар айтылат: Бухара ханы Абдуллахан II Исфарага келип, кеңешүүгө акылман каарыларды табууну буйруйт. Ага мавляна Абдурахманды, мавляна Садык жана мавляна Абдурахимди чакырышат. Акылмандар менен хан узак убакытка чейин акылдашат. Алар элдердин ушул жердеги балдарын өздөрү менен Бухарага алып кетип, окутууну суранышканын айтышат. Ошондо Абдуллахан терең ойлонуп, ушул өрөөнгө балдар үчүн атайын акылмандардын мектебин куруунун зарылдыгын сезип, буйругу менен, мечит-медресе курдурат. Бул мечит-медресе XX кылымга чейин өз маанисин жоготпой балдарды окутуп, сабатсыздыгын жоюп, таалим тарбия берүүнүн борбору болгон. Мындай медресе-мечиттерди Абдуллахан Иран жана Ооганстанга да курдургандыгы жөнүндө эл оозунда айтылып келет.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]