Радиоастрономия

Википедия дан

Радиоастрономия (radio astronomy) – асман объектилерин алардын радионурлануулары бонча изилдей турган астрономиянын бөлүмү.

Мында асман телосу өзүнөн чыгуучу радионурлар бонча радиотелескоптордун жардамы менен изилденет. Бардык түрдөгү радионурланууну изилдөө жылдыздардагы, тумандуулуктардагы, галактикалардагы болуп өтүүчү физикалык процесстерди, асман объектилеринин түзүлүшүн, Галактикадагы жылдыз аралык газдын бөлүштүрүлүшүн изилдөөгө жана башка мүмкүндүк түзөт.

Изилдөө объектиси бонча радиоастрономия Күн радиоастрономиясы, планеталык радиоастрономия, Галактикалык радиоастрономия, метагалактикалык радиоастрономияга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов