Радон

Википедия дан

Радон (латын тилинен radon), – Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин VIIIА группа элементи, асыл газдарга кирет, к.н. 86, ат. м. 222. 1900-ж. Ф.Дорн 222Rn (Т1/2 =3,8229 күн) жана Э.Резерфорд 232Rn (Т1/2 =545 сек) изотоптобун ачышкан. Азыркы убакта радон массалык саны 204Rn, 206Rn – 224Rn болгон 19 изотобу белгилүү. Алардын ичинен табигый изотоптору 219Rn, 220Rn жана 222Rn абада, сууда жана топуракта кездешет; 1 м3 абада нормалдуу шартта 7×10-16 г Р. болот. Ал бүт атмосферанын м. боюнча 4×10-17% түзөт. Р. эң сейрек учуроочу элемент. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, даамсыз газ. Коваленттик радиусу 0,214; иондошуу энергиясы Rnо ® Rn+ 10,746 эВ. Газ абалындагы Р. тыгызд. 9,7 г/л, суюк абалындагы тыгызд. 4,4 г/см3 ; катуу абалындагы тыгызд. 4 г/см3 ; балкып эрүү температурасы -71 оС, кайноо температурасы -62оС. 0о С көлөм сууда 0,5 көлөм Р. эрийт (органикалык  эриткичтерде көбүрөөк). Спирттер жана органикалык  к-талар молекулалык массасы жогорулаган сайын Р. эригичтиги өсөт. Р. атомунун сырткы электрондук катмарында 8 электрон болгондуктан химимялык  жактан инерттүү. Бирок Р. ксенон сыяктуу Вандер-Ваальс күчүнүн таасиринде мол. бирикмелерди пайда кылат. Мисалы буга Б.А.Никитин алган Rn×2C6H5OH, Rn×2CH3C6H5, Rn×6H2O бирикмелерди кошууга болот. Алгачкы экөө күкүрттүү суутекке, үчүнчүсү SO2×6H2O изоморфтуу болушат. Андан сырткары Р. фтор, хлор менен болгон бирикмелери да белгилүү: RnF2, RnF4, RnF6 жана RnCl4. О. эле суу, фенол, толуол ж.б. менен клатраттык бирикмелерди пайда кылат. Р. фториди 250оС кургак бууланат. Р. радий туздарынын курамынан алынат. Азыркы мезгилде Р. радиоактивдүү элементтерди изилдөөдө жана мед-да Р. ваннасы катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]