Шүкүрбеков Райкан

Википедия дан
Райкан Шүкүрбеков‎»‎ барагынан багытталды)

Райкан Шүкүрбеков (1913–1964) — 1913-жылдын 23-майында Талас облусунун Ак-Чий деген айылында туулган. 1933-жылы Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. Драма театрында артист, филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Көптөгөн көркөм китептердин автору. Сатиралык, лирикалык жана башка чыгармалары кеңири белгилүү. Драмалык чыгармалары көп убакыт бою республиканын сахналарында коюлган.

Жазуучулар союзунун мүчөсү. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталарынын ээси. 1962-жылы дүйнөдөн кайткан.

Драматург, жазуучу жана акын Райкан Шүкүрбеков Киров районундагы Ак-Чий айылында 1913-жылы туулган. 1923–1926-жж. Олуя-Ата шаарындагы мектеп-интернатта тарбияланып, 1928-жылы Фрунзе шаарындагы жети жылдык мектепте окуйт.
Р.Шүкүрбековдун 1929-жылы «Жаркынай» аттуу аңгемеси «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналга жарыяланган. 1929–1933-жж. педтехникумда окуп, 1933-жылдын аягына чейин театр, филармонияда иштеп, театр сахнасында 20 жылдан ашык убакыт ар түрдүү ролдорду аткарган.
1933–1936-жж. Р.Шүкүрбеков «Күрөш», «Айдар», «Бейит арасында», «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларды жазып, мамлекеттик кыргыз драма театрынын сахнасында коюлган.
Р.Шүкүрбековдун «Too элинин баатыры» аттуу повести Самаркан шаарында 1936-жылы басмадан чыккан. 1936–1937-жж. орус адабиятынын классиктери А.П.Чеховдун, М.Горькийдин бир топ аңгемелерин которгон. Р.Шүкүрбеков «Менин айлым», «Жашыл токой», «Эки жол», «Бир эшиктин тарыхы», «Каныкей» сыяктуу драмалык чыгармалардын автору. Чыгармалары орус жана поляк тилдерине которулган.
Р.Шүкүрбеков 1936-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү болгон. Р.Шүкүрбековдун адабияттагы жана искусстводогу эмгеги жогору бааланып, «Эмгек Кызыл туу» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалда-ры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Too элинин баатыры: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 127 б.
  • Салам кат: Балдар үчүн аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 12 б.
  • Эки бөжөк: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 23 б.
  • Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 207 б.
  • Кыргыз тоосунда: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 24 б.
  • Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 27 б.
  • Ала-Тоо жаңырыгы: Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 223 б.
  • Менин айылым. 4 көшөгөлүү комедия. К-пте: Пьесалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 284-347-б.
  • Карга: Балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 25 б.
  • Жакшынын шарапаты. 4 көшөгөлүү комедия. – «Ала-Тоо», 1959, – № 4.
  • Жол: Аңгеме. Китепте: Эмгек сыры. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960, 329 – 338-б.
  • Иттин жомогу: Балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 25 б.
  • Карга: Сатира. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 15 б.
  • Түлкү менен Теке: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 15 б.
  • Балдарга: Ырлар, жомоктор, аңгемелер жана пьеса. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 290 б.
  • Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 292 б.
  • Тандалган ырлар. (Түзгөн К.Каимов). – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 380 б.
  • Балдарга: Ырлар, жомоктор, аңгемелер жана пьеса. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 120 б.
  • Жарыяланбаган чыгармалар. (Түзгөн К. Бектенов). – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 152 б.
  • Пьесалар: Комедия жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 287 б.
  • Too элинин баатыры. Өспүрүмдөр үчүн: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1969. – 108 б.
  • Райкандын интермедиялары. (Түзгөн К.Бектенов). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 123 б.
  • Камкаймак: Повесттер жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 240 б.
  • Жинди суу: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 17 б.
  • Эки бөжөк. Жомок. – Ф.: Мектеп, 1976. – 13 б.
  • Чыгармалар: Ырлар, интермедиялар, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 122 б.
  • Пьесалар жана интермедиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 312 б.
  • Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 136 б.
  • Термелер: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 112 б.
  • Эки эчки: Тамсил-жомоктор: (Басни-сказки). – Ф.: Мектеп, 1985. – 24 б. – кырг., орус.
  • Райкан: Ырлар, термелер, сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 240 б.
  • Райкан: Тандалган ырлар, тамсилдер, термелер. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 332 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 26 с.
  • Эхо Ала-Тоо. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 183 с.
  • Эхо Тянь-Шаня. – М.: Молодая Гвардия, 1958. – 55 с.
  • Лиса и козел. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 20 с.
  • Ворона. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 23 с.
  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 23 с.
  • Звени комуз: Сборник стихов. –Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 180 с.
  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 с.
  • Стихи, интермедии, рассказы. – Ф.: Мектеп, 1977. – 124 с.

Польша тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1981. – 14 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Грибоедов Л.С. Акылдан азап. 4 көшөгөлүү ыр менен жазылган комедия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 147 б.
  • Чехов А.П. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 43 б. (К.Эшмамбетов менен бирге).
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 144 б.
  • Горький М. Бороон кабарчысы жөнүндө ыр. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 7 б.
  • Афган акындары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 29 б.
  • Фирдоуси. Шах-нама (Шах-намадан дастандар). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 242 б.
  • Түштүк Чыгыш Азия акындарынын ырлары. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 31 б.
  • Фирдоуси. Рүстөм-Дастан (Шах-намадан). – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 261 б.
  • Фирдоуси. Шах-намэ. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1961. – 265 с.
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 40 б.
  • Грибоедов А.С. Акылдан азап. 4 көшөгөлүү ыр менен жазылган комедия. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 123 б.
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 72 б.
  • Эки бөжөк: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 б.
  • Крылов И.А. Инелик менен кумурска: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 44 б.
  • Крылов И.А. Ийнелик менен кумурска: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1982. – 14 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]