Ракимбаев Эркинбек

Википедия дан
Ракимбаев эркинбек‎»‎ барагынан багытталды)

РАКИМБАЕВ Эркинбек Нурудинович Юридика илимдеринин доктору (2011). Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кемин району, Боролдой кыштагында 23. 6. 1954-ж. туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин (1969), Токмок шаарындагы Республикалык маданий агартуу окуу жайына (училища) кирип (1969), аны 1972-ж. бүтүргөн. Андан кийин 1976-ж. Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы Мамлекеттик маданият институтун, 1998-ж. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин (КУУ) юридикалык факультетин аяктаган. Советтик Армиянын катарында кызмат кылып (1976–1978), Алма-Ата шаарындагы (Казак ССРи) квалификацияны жогорулатуу институтунда методист (1978–1979), Казакстандын Маданият министрлигинде инспектор, жетекчи инспектор, министрдин жардамчысы (1979–1982), Алма-Ата шаарындагы Маданият дворецинин директору болуп иштеген (1982–1985). 1985–1986-ж. Казак ССР Маданият министрлигинин башкармалыгында жетекчи инспектор, 1986–1987-ж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин кадрлар жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Мындан тышкары 1987–1991-ж. Ленинград Мамлекеттик маданият институтунун аспиранты, 1991–1994-ж. КРдин Маданият Министрлигинде министрдин кеңешчиси, Коллегалар секретары, бөлүм башчы, ошол эле жердеги Башкармалыкта начальник, 1994–1995-ж. КР Премьер-министринин аппаратында, 1995–1996-ж. КР Президентинин администрациясына караштуу социалдык саясий иштер боюнча референт, эксперт, 1996–1997-ж. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча бөлүм башчынын орун басары, 1997–1999-ж. КРдин Мамкатчысынын жардамчысы, 1999–2000-ж. Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясынын директорунун орун басары, 2000–2001-ж. Жогорку Кеңеште конституциялык закондуулук, мамлекеттик түзүлүш ж. б. маселелер боюнча эксперт, 2001–2002-ж. КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун директору, 2001–2006-ж. ПРООН программасы боюнча координатор ж. б. юридикалык маселелер боюнча кеңешчи, 2008–2009-ж. КР өкмөтүнүн аппаратында сектор башчы, 2009–2010-ж. ПРООНдо, 2010–2011-ж. КР Коопсуздук Кеңешинин секретариатында, 2011–1202-ж. КР Президентинин аппаратында коргонуу жана коопсуздук бөлүмүндө эксперт, инспектор сыяктуу кызматтарды аткарган. 2012-жылдан КР өкмөтүнө караштуу юридикалык академияда илим жана эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыктын начальниги. КРдин Эл агартуу отличниги (2007), КРдин ардак грамоталары ж. б. медалдар менен сыйланган. 2006–2009-ж. Кыргыз-Орус Славян Университетинде докторант болгон.